Өкмөт: «Садыр Жапаров президент менен жолугушууга ден соолугуна байланыштуу бара алган жок»

Өкмөт: «Садыр Жапаров президент менен жолугушууга ден соолугуна байланыштуу бара алган жок»

Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Дастан Дүйшөкеев «Азаттыкка» билдирген. Анын айтымында, премьер-министр Садыр Жапаров президент менен жолугушууга ден соолугуна байланыштуу бара албай калган. Жолугушуу качан болору белгисиз бойдон калууда.

Буга чейин экс-спикер Абдыганы Эркебаев жолугушууга премьер-министр Садыр Жапаров келбегенин билдирген. Анын маалыматына караганда, жолугушууга Роза Отунбаева, Исмаил Исаков, Феликс Кулов, Сыртбай Мусаев баштаган ондон ашык коомдук-саясий ишмерлер катышкан.

Эске сала кетсек, 14-октябрда Садыр Жапаров 90 депутаттын колдоосу менен премьер-министр болуп шайланган. Ал пресс-конференцияда президенттин отставкасы боюнча маселени чечем деп барып президент Сооронбай Жээнбеков жолугуп, кызматтан кетүү талабын койгонун айтты. Анын жообун сыртта турган тарапташтары күтүп жаткан. Алардын алдына чыгып, президент менен сүйлөшүп чыкканын, ага бүгүн — 15-октябрь саат 11ге чейин убакыт бергенин айткан.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков жолугушууда кызматтан кетүүгө азырынча бара электигин айтканын президенттин басма сөз катчысы  Толгонай Стамалиева билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.