Өмүрбек Текебаевге БШК мандатын кайтарып берип, ал кайрадан депутат болду

Өмүрбек Текебаевге БШК мандатын кайтарып берип, ал кайрадан депутат болду

Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-октябрда билдирди.

Алардын айтымында, БШК «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арызын караган. Жыйында көпчүлүк добуш (Адилет Сатыгулов гана каршы добуш берген) менен колдоо тапкан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кайрадан алтынчы чакырлыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болду.

Белгилей кетсек, 10-октябрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев БШКга депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арызын берген. Бул маселени БШК эки жолу жыйында карап, бош мандат жоктугунан жана мүчөлөр жетиштүү чогулбагандыктан чечим кабыл ала алган эмес. Ушундан улам, «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шернияз 12-октябрда депутаттык мандатынан баш тартып, орун бошотуп берген.

Эске сала кетсек, Өмүрбек Текебаев мандатынан сот иштерине байланыштуу 2017-жылы ноябрда ажыраган. Ал жалган жалаа менен соттолгон, тагырагы, мурдагы министр Д.Чотонов экөөнө «Орусия жарандары Леонид Маевский менен Алексей Модиндин пара алган» деген айып менен андагы ажо Атамбаевдин буйругу менен камалган. Бул иш сотто каралып, ар бирин 8 жылга кесишкен. 2019-жылы Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгарган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

2 thoughts on “Өмүрбек Текебаевге БШК мандатын кайтарып берип, ал кайрадан депутат болду

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.