Мыйзам боюнча президенттин арызын ким кабыл алып, качан карайт?

Мыйзам боюнча президенттин арызын ким кабыл алып, качан карайт?

Бүгүн, 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетти. Анын арызын мыйзам боюнча парламент кабыл алып, сессияда карайт.

Андай мыйзам Жогорку Кеңеш регламентинин 135-беренесинин 2-бөлүмүндө жазылган. Ага ылайык, өз арызы менен кызматтан кеткен учурда президенттин ыйгарым укуктары Жогорку Кеңешке жазуу жүзүндө арыз берген же ал өзү эл алдында билдирүү жасаган учурдан тартып токтотулган болуп эсептелет. Кызматтан кетүү жөнүндө арыз Жогорку Кеңеш тарабынан эске алынып, протокол менен жол-жоболоштурулат.

Парламент президенттин арызын качан карайт?

Жогорку Кеңеш депутаттары эртең, 16-октябрда, кезексиз жыйынга чогулаарын парламенттин маалымат кызматы бүгүн билдирди. Алардын айтымында, күн тартибинде президенттин кызматтан кетүү маселеси каралат. Жыйын эртең, саат 10.00дө башталып, «Ала-Арча» резиденциясында өтөт.

Белгилей кетсек, 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткен. Мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетээрдин алдында элге кайрылуу жасаган. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.