Садыр ЖАПАРОВ: «Президент кетет. Эгер жыйынтык чыкпаса, мен өзүмдөн жоопкерчиликти алып салам»

Садыр ЖАПАРОВ: «Президент кетет. Эгер жыйынтык чыкпаса, мен өзүмдөн жоопкерчиликти алып салам»

Премьер-министр Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүү бүгүн, 15-октябрда уланаарын кечээ, 14-октябрда Өкмөт үйүнүн (Эски аянттын) алдындагы тарапташтарынын алдына чыкканда билдирген.

Анда ал: «Сүйлөшүүнүн акыркы учурлары калды. Эртең саат 11ге чейин суранып, силердин алдыңарга келдим. Сүйлөшүүлөр уланат. Ал кетет. Эртең саат 11ге чейин тарап бериңиздер. Эгер эртең да жыйынтык чыкпаса, мен өзүмдөн жоопкерчиликти алып салам», — деген.

Белгилей кетсек, кечээ, 14-октябрда Садыр Жапаров 90 депутаттын колдоосу менен 34-премьер-министр болуп шайланган. Ошол эле күнү ал президент менен жолугушуп, ага кызматтан кетүү талабын койгону белгилүү болгон.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Садыр Жапаровдун жолугушуусунда президент кызматынан өлкөдө кырдаал турукташканда гана, тагырагы, парламенттик шайлоо өткөрүп, жаңы президенттик шайлоо жарыялап анан кетээрин айтканын билдирген.

Талаш жараткан маселе бүгүн кандай жагына чечилээрин бир Кудай билет. Кандай болгон күндө да тынчтык жолу менен чечилип, мамлекетибиз алдыга жылса экен…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

2 thoughts on “Садыр ЖАПАРОВ: «Президент кетет. Эгер жыйынтык чыкпаса, мен өзүмдөн жоопкерчиликти алып салам»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.