Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болгонун жарыялады

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болгонун жарыялады

Бүгүн, 15-октябрда, премьер-министр Садыр Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып, президенттин милдетин аткара турганын жарыялады.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын жарыялады. «Анын ордуна ким болот, мамлекетти ким башкарат?» деген суроо туулган. Президенттин милдетин мыйзам боюнча спикер аткарат. Ал мыйзам Конституциянын 68-беренесинде так жана даана көрсөтүлгөн. Ага ылайык, президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтогондо, жаңы президент шайланганга чейин анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Ал — Канат Исаев.

Эгерде спикер президенттин милдетин аткара албаган болсо, анда премьер-министр аткарат. Бирок, ал Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоого, өкмөттү отставкага кетирүүгө жана президенттик шайлоодо талапкер болууга укугу жок. Ага мыйзам жол бербейт!

Президенттик шайлоо качан болот?

Президенттик (мөөнөтүнөн мурда) шайлоо президенттин ыйгарым укуктары токтогондон кийин, 3 айлык мөөнөттө уюштурулат. Шайлоо күнү 2021-жылдын 15-январына чейин болот.

Президенттин арызын качан, ким карайт?

Жогорку Кеңеш депутаттары эртең, 16-октябрда, кезексиз жыйынга чогула турганын парламенттин маалымат кызматы бүгүн билдирди. Алардын айтымында, күн тартибинде бир маселе — президенттин кызматтан кетиши каралат. Жыйын эртең, саат 10.00дө «Ала-Арча» резиденциясында өтөт.

Белгилей кетсек, 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков ыйгарым укуктарын жыйыштырып кызматтан кеткен. Мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетээр алдында элге кайрылуу жасаган эле. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Эске сала кетсек, 13-октябрда спикер болуп Канат Исаев, 14-октябрда премьер-министр болуп Садыр Жапаров шайланган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

4 thoughts on “Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болгонун жарыялады

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.