Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан Өкмөт үйүнүн жанына чогулушууда…

Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан Өкмөт үйүнүн жанына чогулушууда…

Бүгүн, 15-октябрда, премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан Өкмөт үйүнүн жанына чогулуп жатканын, алар кичи автобустар жана жеңил машиналар менен келип жатканын ал жактагы журналисттер билдиришти. Алардын талабы — президент Сооронбай Жээнбековду кызматтан кетирүү .

Эске сала кетсек, 14-октябрда Садыр Жапаров 90 депутаттын колдоосу менен премьер-министр болуп шайланган. Ал пресс-конференцияда президенттин отставкасы боюнча маселени чечем деп барып президент Сооронбай Жээнбеков жолукканын, кызматтан кетүү талабын койгонун айтты. Анын жообун сыртта турган тарапташтары күтүп жаткан. Алардын алдына чыгып, президент менен сүйлөшүп чыкканын, ага бүгүн — 15-октябрь саат 11ге чейин убакыт бергенин айткан.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков жолугушууда кызматтан кетүүгө азырынча бара электигин айтканын президенттин басма сөз катчысы  Толгонай Стамалиева билдирген.

Кыскасы, сүйлөшүүлөр бүгүн да уланат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.