Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди эмгек жамаатына Артем Новиков тааныштырды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди эмгек жамаатына Артем Новиков тааныштырды

Бүгүн, 15-октябрда, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Тышкы иштер министри болуп дайындалган Руслан Казакбаевди эмгек жамаатына тааныштырып, кызмат ордуна отургузду.

Эске сала кетсек, Артем Новиков да, Руслан Казакбаев да кечээ, 15-октябрда жаңы кызматка дайындалышкан. Жогорку Кеңеш токтомунан кийин президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчысын жана мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

Белгилей кетсек, Руслан Казакбаев буга чейин эки жыл тышкы иштер министри болуп иштеп кеткен.

Ой, ким бул, ой?

Казакбаев Руслан Айтбаевичтин таржымалына токтоло кетсек, ал Талас облусундагы Бейшеке айылында 1967-жылы 18-майда туулган. Жогорку билимдүү. Эки кесиптин ээси. 1991-жылы, андагы Фрунзенин политехникалык институтун (азыркы КТУ), 2002-жылы КУУнун юридикалык факультетин аяктаган. КРнын Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангына ээ.

Эмгек жолу Илимдер академиясынан башталган, ал жерде 1992-1994-жылдары иштеген. 1995-1996-жылдары ТИМдин консулдук башкармалыгынын үчүнчү катчысы, экинчи катчысы болгон. 1996-1999-ж.ж. – Стамбул шаарындагы КРдин Башкы консулдугунун вице-консулу; 1999-2005-ж.ж. — КР ТИМнин консулдук кызматынын кеңешчиси, бөлүм башчысы, Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, жетекчиси; 2005-2008-ж.ж. — Стамбул шаарында КРдин башкы консулу. 2008-2009-ж.ж. — КРнын тышкы иштер министринин биринчи орун басары; 2010-жылдан 2012-жылга чейин тышкы иштер министри болуп иштеген. 2015-жылы «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш депутаты болуп келген. 5 жыл депутат болуп иштеп, быйыл кайрадан «Республика» партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого аттанган эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди эмгек жамаатына Артем Новиков тааныштырды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.