Видео — Садыр Жапаровдун колдоочулары «эртеӊ да саат ондо келебиз» деп тарашты

Видео — Садыр Жапаровдун колдоочулары «эртеӊ да саат ондо келебиз» деп тарашты

Бүгүн, 15-октябрда, премьер-министр Садыр Жапаровдун колдоочулары «Ысык-Көл» мейманканасынын алдына чогулуп, президенттин кызматтан кеткенин угуп кубанышкан. Анан «спикер Канат Исаевди кызматынан кетиребиз» деген максат менен Эски аянтка келишкен. Алардын алдына Садыр Жапаров чыгып, президенттин милдетин аткара турганын жарыялады. Мындай маалыматты уккан тарапташтары кубанып бийлеп киргенде, уюштуруучулардын бири «Эртеӊ бүгүн жазылган арыздын баарын парламент карайт. Андыктан саат ондо чогулалы» деген чакырык таштады эле, дал ошол убакытка келмей болуп тарашты.

Белгилей кетсек, 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков ыйгарым укуктарын жыйыштырып кызматтан кеткен. Мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетээр алдында элге кайрылуу жасаган эле. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Эске сала кетсек, 13-октябрда спикер болуп Канат Исаев, 14-октябрда премьер-министр болуп Садыр Жапаров шайланган.

Мирзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.