ЖЭЭНБЕКОВ: «Ок атып, кан төгүп кеткен президент катары тарыхта калгым келбейт. Ошондон улам отставкага кеттим»

ЖЭЭНБЕКОВ: «Ок атып, кан төгүп кеткен президент катары тарыхта калгым келбейт. Ошондон улам отставкага кеттим»

Бүгүн, 15-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти. Ал өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анда эмнеге мындай кадамга, чечимге барганы тууралуу айтылган. 

«Урматтуу мекендештерим!

Борборубуз Бишкектеги коомдук-саясий абал курч бойдон турганын көрүп турасыздар. Аны басаңдатуу максаты менен кечээ Жогорку Кеңеш Өкмөттүн курамын бекитип, тиешелүү дайындоолор боюнча мен Жарлык чыгарып, кол коюп бердим. Тилекке каршы, агрессия дагы эле токтобой, менин токтоосуз отставкамды талап кылышууда. Азыркы кырдаал эки тараптуу кагылышуунун болуусуна жакындап калды. Бир жагында митингге чыккандар, бир жагында күч органдары турат. Эки тарап кагылышса, кан төгүлүп кетет. Мамлекеттик резиденцияны коргоо үчүн аскер кызматкерлери, күч органдары курал колдонууга милдеттүү. Эки тарапты тең провокацияга барбоого чакырам.

Урматтуу мекендештерим!

Мен бийликке тырмышып калган жокмун. Мен үчүн, өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бүтүндүгү, коомубуздун ынтымагы баардык кызмат ордунан бийик. Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат. Мен Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан Президент катары калгым келбейт. Ошондуктан мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым.

Эми Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырам. Элдин тынчтыгыгына, өлкөбүздүн бүтүндүгүнө доо кетирбегиле. Жараткан Кудайым Өзү колдоп, элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!»

61 жашында кызматтан кеткен президенттер

Үч жыл мамлекетти башкарган Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланып, 24-ноябрдан баштап кызматка киришкен. Мамлекеттин стабилдүүлүгүн, элдин ынтымагын жогору коюп, кагылыштан кан төгүлүп кетпөөгө жол бербей, бүгүн, 15-октябрда кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, арызын жазды. Ал бир айдан кийин,  16-ноябрда 62 жашка чыгат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

5 thoughts on “ЖЭЭНБЕКОВ: «Ок атып, кан төгүп кеткен президент катары тарыхта калгым келбейт. Ошондон улам отставкага кеттим»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.