Элчи Аликбек Жекшенкуловду кызматынан ким кетирди?

Элчи Аликбек Жекшенкуловду кызматынан ким кетирди?

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловду кызматтан алуу Жарлыгы бүгүн, 16-октябрда, “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды. Ал Жарлыкка Сооронбай Жээнбеков отставкага кетээр алдында кол койгон жана кызматтан алуу себеби «ишенимди жоготкондугуна байланыштуу» деп көрсөтүлгөн.

Эске салсак, экс-президент Сооронбай Жээнбеков былтыр 15-январда тийиштүү жарлыгы менен төрт өлкөгө Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилерди дайындаган: Орусияга — Аликбек Жекшенкулов, Түштүк Кореяга — Динара Кемелова, АКШга —  Болот Отунбаев, Кытайга — Канайым Бактыгулова. Алардын талапкерлигин Тышкы иштер министрлиги сунуштап, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук боюнча комитети колдоп берген. Кийин Жекшенкуловго өткөн жылдын октябрь айында Орусия менен катар Арменияда, ушул жылдын февраль айында Греция менен Черногорияда да элчилик кызматты аткаруу милдеттери тапшырылган эле. Төрт өлкөдөгү иш-аракеттерди элчибиз башкы кеӊсе жайгашкан Москва шаарында жүргүзүп жаткан…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.