Видео — ТЕКЕБАЕВ: «Илгери госсекретарь бар эле. Бүгүн мен Ташиевдин кызматын “доссекретарь” деп айтар элем»

Видео — ТЕКЕБАЕВ: «Илгери госсекретарь бар эле. Бүгүн мен Ташиевдин кызматын “доссекретарь” деп айтар элем»

Бүгүн,  16-октябрда, парламент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алды. Анда мандатын кайтарып алган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентте сүйлөп, ал Садыр Жапаровду саясий олимптин чокусуна жеткирген адам досу Камчыбек Ташиев болгонун айтты. Анын тарых алдындагы жоопкерчилиги Садыр Жапаровдукунан кем эмес экендигин баса белгиледи:

“…Мындай прецедент, мындай учур Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Бир адамдын колуна эбегейсиз бийлик — президенттик, өкмөттүк, керек болсо парламенттик да бийлик өтүп турат. Бүгүн сиздин колдо формалдуу бийлик эле эмес, сизде — элдин чоң үмүтү, ишеними. Эл керемет күтүп жатат… Аны аткарыш ошончо кыйын. Урмат-сый, сүйүү менен жек көрүүнүн ортосу — каш-кабактын ортосундагыдай экенин унутпайлы…

Бүгүн тарыхый учурда Камчыбек Ташиевдин жөнүндө бир ооз сөз айтпасак болбойт. Камчыбек Кыдыршаевич досун түрмөдөн гана бошотпостон, аны саясий Олимптин чокусуна алып чыкканга чоң салым кошту. Ал достуктун үлгүсүн баарыбызга көргөздү. Бүгүн да экөө эгиз козудай ээрчишип бардык жерде чогуу жүрүшөт. Аны көргөн эл «Камчыбек Ташиев кандай кызматта? Ал кандай статуста?» деген суроо салышууда. Илгери госсекретарь деген кызмат бар эле. Мен бүгүн Ташиевдин кызматын “доссекретарь” деп айтар элем. Госсекретарга эскертүү берип, сөгүш берип, жумуштан бошотуп, алмаштырсаң болот эле. «Доссекретарды» алмаштыра албайсың, андан кутула албайсың. Буга чейин Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун трагедиясынын негизги себеби эбегейсиз бийликти өз колдоруна жыйнап, анын үзүрүн эл эмес, жакын достору жана туугандары көргөндүгүндө болгон. Аларды аңга, жарга ошол жакындары, достору түрткөн. Бул, бүгүнкү бийликке, урматтуу Садыр Нургожоевич, сизге, сиздин айланаңыздагы ишенген командаңызга чоң сабак болушу керек. Ошондуктан, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, сиздин жоопкерчилигиңиз Садыр Жапаровдукунан тарых алдында кем эмес. Балким, андан да жогору”…

Эске сала кетсек, 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков ыйгарым укуктарын жыйыштырып кызматтан кеткен. Мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетээр алдында элге кайрылуу жасаган эле. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

13-октябрда спикер болуп Канат Исаев, 14-октябрда премьер-министр болуп Садыр Жапаров шайланган. Кечээ, 15-октябрда, кечке маал Садыр Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып, президенттин милдетин аткаруучу болгонун жарыя кылган эле.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Видео — ТЕКЕБАЕВ: «Илгери госсекретарь бар эле. Бүгүн мен Ташиевдин кызматын “доссекретарь” деп айтар элем»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.