Жанар АКАЕВ: «Карайлап багыт издеп турганда, Өмүрбек Текебаев парламентке келди»

Жанар АКАЕВ: «Карайлап багыт издеп турганда, Өмүрбек Текебаев парламентке келди»

Бүгүн, 16-октябрда, парламент президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү арызын сессияда карайт. Ал жыйынга жакында эле мандатын кайтарып алган Өмүрбек Текебаев катышат.

Өмүрбек Чиркешовичтин мандатын алганына кубанган депутат Жанар Акаев «Фейсбуктагы» баракчасына мындай деп жазды: «Карайлап багыт издеп турганда, Өмүрбек Текебаев парламентке келди. Жол таап, батыраак стабилдешкенге мүмкүнчүлүк түзүлдү«.

Өмүрбек Текебаев БШКдан мандатын кандайча, кантип кайра алып, депутат катары кайтып келгени тууралуу толук маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Белгилей кетсек, 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков ыйгарым укуктарын жыйыштырып кызматтан кеткен. Мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетээр алдында элге кайрылуу жасаган эле. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Эске сала кетсек, 13-октябрда спикер болуп Канат Исаев, 14-октябрда премьер-министр болуп Садыр Жапаров шайланган. Садыр Жапаров кечээ кечинде тарапташтарынын алдына чыгып, президенттин милдетин аткара турганын жарыялаган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.