Карыз 4, 824 млрд. долларды түздү. Кыргызстан кайсы мамлекетке канча карыз?

Карыз 4, 824 млрд. долларды түздү. Кыргызстан кайсы мамлекетке канча карыз?

2020-жылдын 31-июлуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4, 824 млрд. долларды түздү. Мунун ичинен 654,41 млн. доллар (13,56%) — ички карыз. Ал эми 4, 169 млрд. доллар (86,44%) — тышкы карыз. Бул тууралуу Финансы министрлиги «Азаттыкка» билдирген.

Аталган министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстандын тышкы карызын азайтуу боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Кыргызстан бул жылы да тыштан 338 млн. доллар каржылык жардам алган, анын 269 млн. доллары насыя. Эң көп карыз Кытайдан алынган, алардын Эксимбанкына 1,776 млрд. доллар бересебиз бар.

Башка мамлекеттен канча карыз алганбыз?

— Францияга — 4,86 млн. доллар;
— Жапон эл аралык өнүктүрүү агенттигине — 244,84 млн. доллар;
— Банк КвФ — 80,75 млн доллар;
— Түштүк Корея Эксимбанкына – 14,14 млн. доллар;
— Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фондуна — 7,14 млн. доллар;
— Сауд өнүктүрүү фондуна — 24,16 млн. доллар;
— Түркия өкмөтүнө — 89,54 млн. доллар;
— Абу-Даби өнүктүрүү фондуна – 8,04 млн. доллар карыз.

Мирзат МЫРЗА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.