Мухаммедкалый АБЫЛГАЗИЕВ: «Мен эч кандай мыйзам бузган жокмун»

Мухаммедкалый АБЫЛГАЗИЕВ: «Мен эч кандай мыйзам бузган жокмун»

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматка (Финпол) суракка чакырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 21-октябрда, билдирди.

М.Абылгазиев суракка кайсы иш боюнча чакырылганы тууралуу маалыматы жок экендигин журналисттер суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ал: Кечээ мага чакыруу кагазы келди, мени күбө катары чакырышты. Эми тергөөчү эмне деп айтарын көрөбүз. Мен эч кандай мыйзам бузган жокмун”, – деди.

Радио жыштыктан чыккан чыр…

Эске сала кетсек, 2018-жылы премьер-министр болгон М.Абылгазиев алгач 27-майда радиожыштык боюнча тергөөнүн калыс өтүшү үчүн деп кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыгып, кийин, 15-июнда арызын жазып кызматтан кеткен эле. Бирок ал башынан эле радиожыштык сатуудагы мыйзамсыз иштерге тиешеси жоктугун билдирип: “Радиожыштыктар ресурстарын узартуу жана кайра тариздөөгө байланыштуу кылмыш иши боюнча өкмөттүн дарегине айтылган айыптоолордон улам, тергөөнү объективдүү жана ар тараптуу жүргүзүү кызыкчылыгында жана тергөө органдарына кысым көрсөтүү боюнча айып тагууларга жол бербөө үчүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө кетүү чечимин кабыл алгам. Буга чейин дагы айтып келгем жана дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет, бул ишке менин эч кандай тиешем жок, ал эми менин дарегиме айтылган айыптоолор негизсиз. Менин эки жумалык эмгек өргүүм учурунда тергөө органдары мага кандайдыр бир маселелер менен кайрылган жок. Тергөө бардыгын өз ордуна коёт жана чыныгы мыйзам бузгандарды аныктайт деп ишенем”, — деген эле.

Таиров кетип, Жапыкеев келген кез

Белгилей кетсек, Финполдун мурдагы жетекчиси Бакир Таиров 17-октябрда кызматтан кетип, анын ордуна «Чоң казат» партиясынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев дайындалган. Мындай буйрукка өкмөт башчы, президенттин милдетин убактылуу аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Ой, ким бул ой?

Мурда прокуратура тармагында иштеген Жапыкеев Сыймык Асылбекович тууралуу айтсак, ал 1977-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Жогорку билимдүү. КУУнун юриспруденция факультетин бүтүргөн. Алгачкы эмгек жолун Түп райондук прокуратурасында стажер-тергөөчү катары баштаган. Кийин Ак-Суу райондук прокуратурасында ага тергөөчү, Балыкчы шаардык прокуратурасында ага тергөөчү, Ысык-Ата райондук прокуратурасында ага тергөөчү, Кемин райондук прокуратурасында тергөө маселелери боюнча прокурор орун басары, Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматында Органдарды тергөө боюнча көзөмөл бөлүмүнүн прокурору, Коррупцияга каршы башкармалыктын прокурору болуп эмгектенген. Ошондой эле ал «Кумтөр Голд Компани» ишканасында юрист, адвокат да болуп иштеген. КР шахмат федерациясынын вице-президенти да болгон. Чини: юстициянын 2-класстагы кеңешчиси, подполковник.

Быйыл, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Чоң казат» партиясы менен катышкан. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп, «Ала-Тоо» аянтында уюштурулган нааразычылык акциясын алып барганы эсибизде. Шайлоого чейин да «мыйзамсыз байыгандар» деп бир топ саясатчынын атын атаганы маалым. Экс-премьер-министр, ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиевди сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылган. Ал эми Жумалиев, «ар-намысыма шек келтирди» деп Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн эле.

Жапыкеев Финполго жетекчи болуп келээри менен К.Жумалиев жана М.Абылгазиевдин Кыргызстандан сырткары чыгуусуна тыюу салган…

А бүгүн Абылгазиев суракка чакырылды. Ошондо эмки кезек кимде?..

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

2 thoughts on “Мухаммедкалый АБЫЛГАЗИЕВ: «Мен эч кандай мыйзам бузган жокмун»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.