Садыр ЖАПАРОВ: «Атамбаев Райымдан үч эсе бай, мамлекетке эки тыйын төктүрдүңөрбү?..»

Садыр ЖАПАРОВ: «Атамбаев Райымдан үч эсе бай, мамлекетке эки тыйын төктүрдүңөрбү?..»

Президенттин милдетин кошо аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун кармалып, кайра бошотулушу боюнча чечимди өзү кабыл алганын BBC радиосуна берген маегинде билдирген.

Анда ал: «УКМК жетекчиси «камайм» деп айтты. Анткени Райым башка ысым менен паспортун өзгөртүп, Дубайга чыгып кеткенге даярданган экен. Аны кармап келишкенден кийин мага чалып, камакка алабыз деп айтышты. Токтоп тургула, жети өлчөп бир кесели дедим. Анткени буга чейин, эки жыл мурун Алмазбек Атамбаевди камадыңар. Райымдан үч эсе бай, миллиарддары бар, бир тыйын төктүрдүңөрбү? Эки жылдан бери мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. Кубанычбек Кулматовду кармадыңар. Райымдан эки эсе бай, мамлекетке эки тыйын төктүрдүңөрбү? Жок! Аны да мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. Ошол сыяктуу эле Албек Ибраимов, Сапар Исаков ЖЭБ боюнча деп жатат, Эшматов, Ташматов жана башкалардын бирөөсүнөн мамлекеттик казынага бир тыйын төктүрдүңөрбү? Жок!» деген.

Эске сала кетсек, даңазалуу Райым Матраимов кечээ кармалып, кайра коё берилген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.