«Манас» аэропортундагы митингден кийин Үсөн Сыдыковдун уулу Бактыбек Сыдыков жетекчиликтен кетмей болду…

«Манас» аэропортундагы митингден кийин Үсөн Сыдыковдун уулу Бактыбек Сыдыков жетекчиликтен кетмей болду…

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК жетекчилигине Бактыбек Сыдыков кечээ, 21-октябрда, дайындалган. Бирок ал кызматтан кайра кетмей болду. Бул тууралуу президенттин милдетин убактылуу аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, КТРК телеканалына маек берип жатып билдирди.

Айтымында, ал кызматка жетекчини Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду дайындайт. С.Жапаров болсо, Бактыбек Сыдыков менен сүйлөшкөн, ал ээлеген кызматынан эртең, 23-октябрда, кете турган болуптур. Ошондой эле С.Жапаров эл нааразы болгон талапкерлерди кызматка койгобогондугун билдирди.

«Манастагы» митингге эмне себеп болду?..

Билишибизче, Бактыбек Сыдыковдун жетекчи болуп келгенине нааразы болгондор кечээ эле иш таштамай болушкан. Бүгүн аэропорттун айрым кызматкерлери нааразы болуп, митинг уюштурушкан. «Фейсбук» баракчасына чыккан «Сыдыков кетсин! Жаштар келсин!» деген ураан коштогон сүрөттөрдөн улам, тактаганыбыз боюнча,«аэропорт кызматкерибиз» деген нааразы 30дай адам жаңы дайындалган жетекчинин иштен кетишин талап кылып жыйылышкан.

Митингчилерге чыгып жооп берген мекеменин басма сөз катчысы Алия Курбанованын түшүндүрмөсү боюнча Бактыбек Сыдыковду башкармалык башчысы кылып дайындоо чечими «Манас» эл аралык аэропорту» АККнын директорлор кеңешинде Мамлекеттик мүлк фондунун сунуштамасынын негизинде, премьер-министрдин макулдугу (!) менен 20-октябрда өткөн жыйында кабыл алынган.

Сыдыковдор сыры жана чыры….

Бактыбек Сыдыков ким десек, ал авиация тармагында 5 жыл эмгектенген аткаминер. 2007-2010-жылдары директорлук кызматта иштеген. 2015-жылы «Республика – Ата Журт» фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында депутат болгон. Бирок 5 жылдык депутаттык ишмердигинде парламент трибунасына же микрофонго чыгып маанилүү маселе чечип сүйлөгөнүн же бир мыйзам жазганын көргөнүбүз да, укканыбыз да жок дегендер четтен чыгат!

Баласы Алымбек Бактыбаев болсо, Бишкек шаардык кеңешинин «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты. Бир учурда аны “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруучу компанияга тиешеси бар деп жазып чыгышкан. Бирок, бул маалыматты атасы Бактыбек Сыдыков жалган деп төгүндөп чыккан…

Атасы Үсөн Сыдыков  болсо, бир кездеги «Жаңы Кыргызстан» партиясынын лидери, Курманбек Бакиев бийлигинде аппарат жетекчиси болгон. «Ош окуясына тиешеси бар» деп аты аталып, аудио тарап чыр болгон. Бирок өзү мындай маалыматты четке кагып келген.

Кыскасы, Бактыбек Сыдыковдун «Манас» эл аралык аэропортунун президенти болуп дайындалганы жалпыга кечээ, 21-октябрда, маалымдалган эле…

Кошумчалай кетсек, «Манас» эл аралык аэропорту» ААК карамагына Бишкек, Ош, Каракол, Баткен шаарларындагы жана Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы эл аралык беш жана жер-жерлердеги аймактык алты аэропорт кирет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.