Нариман Түлеев чуулгандуу кызматтан баш тартты. Убактылуу мэр болуп ким келди?

Нариман Түлеев чуулгандуу кызматтан баш тартты. Убактылуу мэр болуп ким келди?

Экс-депутат Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруудан баш тарткан билдирүү таратты. Анын билдирүүсү бүгүн, 22-октябрда, мэриянын расмий сайтына жарыяланды.

Анда ал бул кызматка кандайча келип, кайра кандайча кетип жаткан себебин түшүндүргөн.

«Азиз Суракматов Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин кызматын аткарууну коронавируска байланыштуу өткөн аптадан баштап суранганынан, мен анын сунушун кабыл алгам. Азиз Эмилбекович жакшы иштеди, бирок, ал парламенттик шайлоого катышууну чечти. Мыйзам боюнча мен мэрдин милдетин аткара баштадым. Креслонун тегерегинде ар кандай топтордун ыплас мушташтары башталып кеткендиктен улам, мен иш менен  таанышканга да үлгүрбөй калдым. Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров менен мэрдин милдетин аткаруучу кызматтан кетем деген чечим кабыл алдык. Анын макулдугу менен биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев Бишкек шаардык кеңешинин чакырылышынын мөөнөтү аяктаганга чейин (2021-жылдын 11-апрели) мэрдин милдетин аткарат”, — дейт Н.Түлеев. 

Белгилей кетсек, кечээ, 21-октябрда, мэрлик кызмат кайрадан талашка түшкөн эле. Тагырагы, Нариман Түлеев иш бөлмөсүндө митингчилер менен жолугушуп жатканда, шаардык кеңештин депутаттары кирип келип, «мэр легитимсиз» деп, чыгып кетишин талап кылышкан. Бул маалда мэриянын алдына: «Түлеев кетсин!» деп кыйкырган топ келип, аз өтпөй Түлеевди колдоп «Нариман!» деп кыйкыргандар келип, эки жаат жаакташып, тирешкенге чейин барышкан… Акыры алардын алдына Нариман Түлеев өзү чыгып, Садыр Жапаров менен сүйлөшүп, макул болсо, бу кызматтан кетээрин билдирген.

Азиз Суракматов кайда?

Буга чейин, тагырагы, 20-октябрда мэр Азиз Суракматов маалымат жыйынын өткөрүп, кызматын тапшырганын жана биринчи вице-мэр болуп Нариман Түлеев дайындалганын жарыя кылган эле. Мыйзам боюнча, мэр кызматтан кетсе, анын милдетин биринчи вице-мэр аткарат. Ал жыйында Түлеев өзүнөн соттуулук алынганын жана мурда козголгон кылмыш иштери боюнча Жогорку сотко кайрыларын билдирген эле.

Эске сала кетсек, Нариман Түлеев 2008-2010-жылдары борбор шаарыбыздын мэри болгон. Кийин ага коррупция боюнча айып тагылып, 11 жылга кесилген. Сот чечими менен бир нече мүлкү да конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлүп берилген болчу. 2016-жылы мамлекетке келтирген зыянды төлөп берип, мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган эле.

Буга чейинки башаламандыкта үч адам «мэр» болгон…

4-октябрдагы парламенттик шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон 12 партиянын лидерлери, тарапташтары 5-октябрда Ала-Тоо аянтына чыгып тынчтык митингин уюштурушкан. Тилекке каршы, анын аягы башаламандык менен аяктап, митингчилер Ак үйдү басып алып, мамлекеттик мүлккө зыян келтирип талкалашканын билебиз. Бирок бул чыгым, билишибизче, азырынча эсептелине элек.

6-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетүү арызын жазган. Бирок, анын арызын анда шаардык кеңеш депутаттары карай элек болчу.

8-октябрда, Азиз Суракматов кызматына кайтып келген. Тагырагы, аны колдогондор мэрия алдына чогулуп, мэрдин ишин улантуусун талап кылышкан. Анда ал журналисттерге мэрияны белгисиз адамдар басып алгандыктан, алар менен чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн үйүнөн иштеп турууну чечкенин айткан. Ал «үйүнө иштеп турган» убакыт ичинде үч адам «мэр» болгонго жетишти. Тагырагы, 6-октябрда эртең менен координациялык кеңеш Жоошбек Коёналиевди мэрдин милдетин аткаруучу кылып дайындап, бирок ошол эле күнү, ошол эле коордицинациялык кеңеш кечке маал чечимин өзгөртүп, Жоошбек Коёналиевдин ордуна Мирлан Бакитаевди бекитишкен. Ал 15 саат кызмат кылгандан кийин, Бакитаевдин ордуна мэрдин милдетин аткаруучу болуп Алмаз Бакетаев келген.

Непадам башка өзгөрүү эле болуп кетпесе, бул кызмат кайрадан Бакетаевдин колуна кайтып келди…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.