Атыр АБДРАХМАТОВА: «Ковид бул эми жаап-жашыра турган оору эмес, бул вирус мага да жетиптир…»

Атыр АБДРАХМАТОВА: «Ковид бул эми жаап-жашыра турган оору эмес, бул вирус мага да жетиптир…»

Бүгүн, 23-октябрда, «Ала-Тоо 24» түз эфиринде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин билдиргенине караганда, 45 жашка чейинки адамдар арасында вирус жуктургандар көп катталууда.

Айтымында, жаштардын арасында вирус жуктургандар санынын өсүшү шайлоодон кийинки митингдерге байланыштуу. «Ал жерде маска тагынгандар аз, ал эми аралык сактоо жөнүндө айтпай деле койсо болот. Ошондуктан инфекциянын тез жайылышына өбөлгө түзүлдү», — дейт Нурболот Үсөнбаев.

ШТАБ: «Бир суткада эле 582 адамдан вирус табылды»

Ал эми Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 23-октябрдагы маалыматына караганда, бир суткада COVID-19 вирусунан төрт адам каза болгон. Акыркы суткада 582 адамдан вирус  табылганМурда ооругандардын 324ү айыгып чыккан.

Эске сала кетсек, марттан бери вирус жугузуп алгандардын саны 54588ге жетип, анын 1126сы жашоо менен кош айтышкан. 47 050 бейтап айыгып чыккан. Статистика боюнча, учурда вируска чалдыккан 3139 бейтап стационарда, калганы үй шартында дарыланууда.

Үй шартында дарыланып жаткандардын бири — Атыр Абдрахматова

БШК төрайымынын мурдагы орун басары, чындыкты айтып чырылдаган активист, мекенчил кызыбыз Атыр Абдрахматова жаман илдетке чалдыгып калганы тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына 21-октябрда: «Ковид бул эми жаап жашыра турган оору эмес, бул вирус мага да жетиптир…Үйдөмүн… Эми мага күч, кубат, батаңар, колдооңор, дубаңар керек«,- деген билдирүү калтырган болчу. Бул кабарды угуп биз да кабатыр болдук жана жалпыга, анын ичинде Атырга тилерибиз бир гана ден соолук.
Атыр айым, тезинен сакайып кетишиңди Кудайдан тилейбиз. Сага узун өмүр, ачык көңүл, кемибеген жигер-күч каалайбыз!
 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.