Элдар Аттокуров өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Элдар Аттокуров өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Парламенттик шайлоого «Ордо» партиясынын тизмеси менен 2-орунда ат салышкан акын, чыныгы мекенчил жигит Элдар Аттокуров өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары, Уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп бүгүн, 23-октябрда, дайындалды. Буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Ой, ким бул, ой?

Элдар Аттокуров тууралуу айтсак, ал 43 жашта. Таластын кулуну. Жогорку билимдүү. БГУнун Маалымат, социалдык кызмат жана психология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Билим берүү министрлигинде эмгектенген.

Акын, ырлары мыкты. 2001-жылы Ата Мекен, Эне темасындагы республикалык ырлар жарышынын жеңүүчүсү; 2003-жылы Эл аралык Айтматов фонду уюштурган Дебют – I чыгармачылык сынагынын лауреаты болгон. 2007-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин алдындагы Коомдук билимдер институтунда “Кыргыз жазуучуларынын чыгармаларындагы таалим-тарбия идеялары” деген темада магистрдик диссертациясын жактаган. 4-сентябрдагы парламенттик шайлоого «Ордо» партиясынын тизмеси менен катышкан.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Элдар Аттокуровдун ырларын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.