Кызматка орноштуруу жана кызматтан жогорулатуу үчүн пара алган подполковник кармалды

Кызматка орноштуруу жана кызматтан жогорулатуу үчүн пара алган подполковник кармалды

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары подполковник Сатыбалдиев Нур Рысканович кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда, УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Айтымында, кечээ, 27-октябрда, ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен бирге ыкчам иштери жүргүзүлгөн. Анда кармалган полковник ИИМдин патрулдук кызматына орношууну каалаган талапкерлерден жана кызматкерлерден кызматтан жогорулатуу үчүн пара алгандыгы аныкталган. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси («Пара алуу») боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.