Канат Исаев спикерликтен кетип, ордуна Талант Мамытов келеби?

Канат Исаев спикерликтен кетип, ордуна Талант Мамытов келеби?

Учурда парламенттин жыйыны өтүүдө. Бүгүн, 28-октябрда, Канат Исаевди спикерликтен кетирүү боюнча маселе көтөрүлүп, депутаттар көмүскөдө кол топтой башташканы маалым болду. Анткени мындай маалымат жөн сөз эмес экенин бир топ депутаттар журналисттерге тастыктап беришти. Депутат Сайдулла Нышанов депутаттардан кимдир бирөөлөр кол коюу боюнча кагаз алып келишкенин, бирок, кол койгондон баш тартып койгонун «Азаттыкка» айтты. Ошондой эле ал Канат Исаевдин ордуна Талант Мамытов келээрин да укканын билдирди.

Ал эми депутат Аалы Карашевдин айтымында, ага кол топтоо боюнча эч ким кагаз алып келген эмес.

Ал эми Талант Мамытов болсо, бул маселе боюнча журналисттердин суроосун тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Ал азырынча эч нерсе айталбастыгын, спикерлик боюнча ага расмий сунуш түшпөгөнүн, бирок, сунуш түшсө ойлонуп көрүп чечим кабыл алаарын билдирди.

Эске сала кетсек, депутаттар Канат Исаевди спикерликке 13-октябрда бекитип беришкен. Мыйзам боюнча, президент отставкага кеткенден кийин, президенттин милдетин аткаруучу спикер болмок. Бирок Исаев бул милдеттен баш тартып койгондуктан, президенттин милдетин учурда убактылуу премьер-министр Садыр Жапаров аткарып жатат. Талант Мамытов болсо, Садыр Жапаров менен жакшы мамиледе экени элге белгилүү…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.