Канат ИСАЕВ: «Спикерликтен кетирүү боюнча имиштер мага да жетти…»

Канат ИСАЕВ: «Спикерликтен кетирүү боюнча имиштер мага да жетти…»

Бүгүн, 28-октябрда, спикер Канат Исаевди кызматтан кетирүү боюнча көмүскөдө кол топтоло башталгандыгы маалым болду. Мындай маалыматты бир топ депутаттар журналисттерге тастыктап беришти.

Сайдулла НЫШАНОВ: «Кол коюу боюнча депутаттардын саны 80ге жакындап калыптыр»

Депутат  Сайдулла Нышановдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бул маселе эртеӊ, 29-октябрда, парламенттин жалпы жыйынына алынып чыгышы ыктымал.

Мага келип, кол коюуну суранышты, мен макул болгон жокмун. Угушумча, 80ге жакындап калыптыр. Демилге фракциядан же көпчүлүк коалициядан болсо, ачык чыкмак. Бул депутаттардын эле демилгеси болсо керек. Коомдо парламентке ишенбөөчүлүк, нааразылык көбөйдү. Эмне үчүн төрага президенттин милдетин аткаруу укугун жеке менчигиндей кылып өткөрүп берип койду, эгер, Садыр Нуркожоевич (Жапаров — ред.) шайлоого чыкса кимге беребиз деген коомдо чоң суроолор болууда”,- дейт С.Нышанов.

Мамытов менен Исаев болсо…

Ал эми Талант Мамытов бул маселе боюнча журналисттер суроосуна жооп берип жатып, аны тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Ал азырынча эч нерсе айталбастыгын, расмий түрдө ага спикерлик боюнча сунуш түшпөгөнүн, бирок, сунуш түшсө ойлонуп чечим кабыл алаарын айтса, Канат Исаев болсо, бул маселе боюнча имиш-имиш кептер ага да жеткенин билдирди.

Эске сала кетсек, депутаттар Канат Исаевди спикерликке 13-октябрда бекитип беришкен. Мыйзам боюнча, президент отставкага кеткенден кийин, президенттин милдетин аткаруучу спикер болмок. Бирок Исаев бул милдеттен баш тартып койгондуктан, президенттин милдетин убактылуу премьер-министр Садыр Жапаров аткарып жатат. Ал эми Талант Мамытов Садыр Жапаров менен жакшы мамиледе экени элге белгилүү…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.