ӨКМ айдоочуларга эреже сактоону эскертти!

ӨКМ айдоочуларга эреже сактоону эскертти!

29-октябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Ал эми түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 28-октябрда, билдирди.

Алардын айтымында, 29-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Катуу жаан  жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

Андыктан, өлкөбүздүн тоолу унаа жолу менен жол жүрөйүн деп мерчемдеп жаткан айдоочуларга ӨКМ төмөнкү чараларды эске алууну сунуштайт:
— КР ӨКМдин Гидрометереология агенттигинин аба-ырайы жөнүндө маалыматты эске алууну;
— тоолуу унаа жолдор аркылуу айдап жатканда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;
— унаалардын кышкы даярдыкка өткөрүүнү ( дөңгөлөктөрдү кышкы шинага алмаштыру ж.б.у.с.);
— аптечка, чынжырча, күрөкчөнү алып алыңыз.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.