ЖАМК: «Алмазбек Атамбаев колонияга которулду»

ЖАМК: «Алмазбек Атамбаев колонияга которулду»

11 жылга соттолгон экс-президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 27-октябрда, №47 абакка жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, мындай чечим ЖАМКнын атайын комиссиясынын отурумунда кабыл алынган.

Белгилей кетсек, А.Атамбаев былтыр, августта кармалгандан бери УКМКнын тергөө абагында болуп келсе, бир күн мурда Бишкектин №1 тергөө абагына которулган. Соттолгондор адатта аталган №1 тергөө абагынан башка колонияларга бөлүштүрүлөт. А.Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошоп кеткенине байланыштуу соттолгон.

Адвокаттын айтымында…

Экс-президенттин адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, Атамбаевдин ден соолугу жакшы эмес.

«УКМК Алмазбек Атамбаевди абактан бошотуп, үй камагына которуу боюнча соттун чечимин аткарбай койду. Биз анын ден соолугу начарлап кеткенин, медициналык жардамга муктаж экенин эске алып, Атамбаевди №47 колонияга которуп берүү жөнүндө өтүнүч киргизгенге аргасыз болгонбуз. Анткени ушул жылдын 2-сентябрь күнү «Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагынан №1 тергөө абагына которобуз» деп айтышкан. Бирок ошол эле күнү сот отуруму болуп, анда прокурорлор Атамбаевди которбой турууну суранышкан. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган. 6-октябрь күнү сот Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча токтом чыгарган. Бирок УКМК «бизде Батукаеевдин иши боюнча соттун өкүмү бар, ошону аткарышыбыз керек» деген шылтоону тапкан. Бирок Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан башка адамдар үй камагына чыгып кетишти. Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда Алмазбек Атамбаев сотко катышуудан баш тарткан. Эми ал «сотторго катышам» деп жатат. Мыйзам буга жол берет. Бирок аны №47 колониядан соттук отурумдарга алып келе алышпайт. Ошондуктан соттук териштирүү бүтмөйүнчө аны үй камагына чыгарыш керек», — дейт З.Жоошев.

Буга чейин Жоошев Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагынан которуп, мурда өлүм жазасына кесилген кылмышкерлер кармалуучу жертөлөдөгү камерага отургузушканын, буга байланыштуу Атамбаев ачкачылык акциясын баштап, учурда анын абалы начарлап, кан басымы төмөндөп кеткенин айтып чыккан.

ЖАМК: «Атамбаев тууралуу адвокаттын билдирүүсү чындыкка жатпайт»

ЖАМКнын басма сөз катчысы Самат Калыков Атамбаевдин камерада кармалуу шарттары тууралуу: «Атамбаев жалпы режимдеги камерага бөлүштүрүлдү. Анын ачкачылык жарыялоо боюнча маалыматы мекеменин жетекчилигине түшкөн эмес. Ал эми адвокат Замир Жоошевдин Атамбаев тууралуу билдирүүсү чындыкка жатпайт. Камералардын эшиктери жабык жана көзөмөлдө турат. Суу, канализация, жылуулук маселелери чечилген», — деди.

Бакыт РЫСБЕКОВ: «Атамбаев ачкачылыкты улантып жатат»

Атамбаевдин ачкачылык жарыялаганын Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери да ырастап, анын абалын көрүп келишкен. Мекеме жетекчиси Бакыт Рысбеков мындай маалымат берди:

«Ал киши ачкачылыгын улантып жатат. Биз барганда кан басымын өзү текшерип, абактын дарыгерлерине ишенбей жатканын айтты. Ошондой эле ал негизги нааразылыгы катары соттук процесстер ачык өтүш керек экенин билдирди».

Эске сала кетсек, быйыл, июнь айында Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча өкүм чыгарып, Алмазбек Атамбаевди 11 жыл эки айга кесип, мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик сыйлыктарынан да ажыраткан эле. Августта Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган болчу.

Ага ылайык сентябрь башында №1 тергөө абагына которуу жана андан ары абаккка бөлүштүрүү аракети болуп жатканын Атамбаевдин тарапташтары айтып чыгышкан эле. Бирок 2-сентябрь күнү Биринчи май райондук соту Атамбаев дагы бир иш — Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталып жаткандыктан УКМКнын тергөө абагында калтырган.

Атамбаев 2019-жылы 7-8-августундагы Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя боюнча да айыпталууда. Мында бир офицер каза болуп, ондогон киши жаракат алган. Атамбаев өзү да ушул окуядан кийин кармалган. Бул боюнча сот уланып жатат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

3 thoughts on “ЖАМК: «Алмазбек Атамбаев колонияга которулду»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.