Мадумаров президенттик шайлоого аттанды. Шайлоого канча акча кетээри белгилүү болду

Мадумаров президенттик шайлоого аттанды. Шайлоого канча акча кетээри белгилүү болду

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн, 30-октябрда, маалымат жыйынын өткөрүп, президенттик шайлоого катышарын, Боршайкомго бүгүн арызын тапшырарын билдирди.

Айтымында, ал президенттик шайлоого партия атынан эмес, жеке кыргыз жараны катары талапкерлигин коёт. “Кыргыз Республикасынын президенти бир да саясий партиянын же топтун, кызыкчылыгы бар класстын мүчөсү болбой, бүтүндөй өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон, бардык топтордун кызыкчылыгын коргогон инсан болуусу зарыл”, — деди ал.

Жапаров да шайлоого катышаарын жарыялаган

Эске сала кетсек, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон 12 партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Анын аягы башаламандыкка айланып, бийлик алмашкан. Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип, анын ордуна премьер-министр Садыр Жапаров келип, учурда президенттин милдетин убактылуу аткарып жатат. Ал президенттик шайлоого да катышарын 26-октябрда жарыялаган.

БШК айтымында…

Мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоону БШК 2021-жылдын 10-январына белгилеп, ага кетчү чыгымдардын эсеп-кысабын бекитти. Айтымында, шайлоого 549 миллион 161 миң 100 сом кетет…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.