Айдар Акаевдин өлүмү тууралуу экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Айдар Акаевдин өлүмү тууралуу экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Маркум Айдар Акаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов анын өлүмү тууралуу бүгүн, 30-октябрда, атайын билдирүү таратты.

Анын айтымында, маркумдун өлүмү тууралуу маалыматтын 9 айдан кийин таратылышы карандай каралоо, мыйзамсыз иш. Расмий экспертиза (30-октябрдагы) жыйынтыгы боюнча Айдар Акаев жүрөк оорусунан каза болгон.

Белгилей кетсек, бир топ күндөн бери интернет айдыӊында Айдар Акаевдин алкоголдук жана баңгизаттарга ууланып каза болгондугу тууралуу маалыматтар жарыяланууда…

Эске сала кетсек, Айдар Акаев ушул жылдын 6-февралына караган түнү 43 жашында Москвада каза болгон. Ошол учурдагы маалыматтарда акыркы жылдары анын жүрөгү ооруп жүргөндүгү айтылган эле.

Маркум Айдар Акаев туӊгуч президентибиз Аскар Акаевдин улуу баласы. Ал атасы бийликте турганда Улуттук олимпиада комитетинин президенти, финансы министринин кеңешчиси болуп иштеп кеткен.

2005-жылы Жогорку Кеңеш депутаты болуп келип, ошол жылы өлкөдө бийлик алмашканда үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетип, ошол бойдон Москвада жашап жүргөн.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Айдар Акаевдин өлүмү тууралуу экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.