Кыргызстан Казакстандан акчалай жардам сурады

Кыргызстан Казакстандан акчалай жардам сурады

Тышкы иштер министрибиз Руслан Казакбаев кечээ, 29-октябрда, Нур-Султан шаарына иш сапары менен барып, Казакстан өкмөт башчысы Аскар Мамин менен жолугушту.

Жолугушууда Р.Казакбаев Кыргызстанда кырдаал турукташып калганын айтып, казакстандык инвестициялардын коопсуздугун сактоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлөрүн белгилеп өттү.

Ошондой эле эки тарап саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана башка тармактар боюнча кызматташтык тууралуу сүйлөшүп, COVID-19 пандемиясы маалында чогуу аракеттенүүнү макулдашышты. Министр Руслан Казакбаев казак тараптан дары-дармек, коргонуучу каражат жагынан көмөктөшүүнү суранып, казак бийлигинен Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин колдоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында акчалай жардам берүүнү өтүндү.

Буга чейин Руслан Казакбаев бюджетти толтурууга өткөн жумада Европа Биримдигинен жардам сураган.

Белгилей кетсек, Орусия убада кылган 100 миллион доллар жардамын Кыргызстандагы 6-октябрдагы окуялардан кийинки туруксуз кырдаал учурунда токтотуп койгону баарыбызга маалым.

Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгү 30 млрд. сомго толбой калары кабарланган эле. Мурдагы өкмөт бул кенемтени толтуруу үчүн эл аралык донорлордон 500 миллион долларга жакын каражат сурап, анын тең жарымынан көбү алынган. Өкмөт ал каражат бюджеттик кызматкерлердин айлык акыларына, пенсия менен жөлөкпул төлөөгө жумшаларын билдирген.

Эске сала кетсек, 6-октябрдагы окуялардан кийин өлкөдөгү бийлик толугу менен алмашкан. Андагы президент Сооронбай Жээнбеков эл тынчтыгы үчүн мөөнөтүнөн мурда кызматынан кеткенин билдирген. 16-октябрдан бери анын ордуна президенттин милдетин убактылуу премьер-министр Садыр Жапаров аткарып келет. Садыр Нургожоевич Жогорку Кеңеште 28-октябрь, ант берген күнү Руслан Казакбаевдин Казакстанга кеткенин айткан эле.

Ал эми Руслан Казакбаев тууралуу айтсак, ал 2015-жылы «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш депутаты болуп, 5 жыл депутаттык ишин кылып, быйылкы парламенттик шайлоого кайрадан «Республика» партиясынын тизмеси менен аттанган эле.

Шайлоодо жыйынтыгына нааразы болгондордун арасында болуп,  9-октябрда болсо, Бабанов-Атамбаев «тандеми» менен бир кыйла саясатчылар, тарапташтар Ала-Тоо аянтына тынчтык митингине келишип, ал жерден Садыр Жапаровдун тарапташтары менен кагышып, куулуп тарашкан болчу…

Анан эле 15-октябрда тышкы иштер министри болуп дайындалып, эмгек жамаатына биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков алып барып тааныштырып, кызмат ордуна отургузуп кетти. Аны толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.