«Майдан.kg» гезитинин редактору президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болду

«Майдан.kg» гезитинин редактору президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болду

«Мекенчил» партиясынын шайлоо тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан «Майдан.kg» гезитинин башкы редактору Нургазы Анаркулов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Мындай маалымат мамлекет башчысынын расмий сайтына бүгүн, 30-октябрда, жарыяланды. Анда буйрукка президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койгону жазылган.

Буга чейин бул кызматты Наргиза Мансурова аркалап турган, ал ушул жылдын 13-январында келген эле.
Белгилей кетсек, кечээ, 29-октябрда, мамлекет башчысынын басма сөз катчысы болуп тележурналист Галина Байтерек дайындалган.

Эске сала кетсек, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон 12 партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Анын аягы башаламандыкка айланып, абактагы саясатчылар (алардын арасында Садыр Жапаров да бар) бошотулуп, бийлик алмашкан. Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип, анын ордуна парламенттин колдоосу менен премьер-министр болгон Садыр Жапаров келип, президенттин милдетин убактылуу аткарууда…

Бийлик алмашкандан бери, айтор, башкы жаӊылыктардын бири ар кыл кызмат ордуларында эски-жаӊы болуп жетекчилердин алмашуусу болууда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.