Президенттикке Имамидин Ташовдун талапкерлигин сунуштап жатышат. Эмнеге болбосун…

Президенттикке Имамидин Ташовдун талапкерлигин сунуштап жатышат. Эмнеге болбосун…

Президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленди. Билишибизче, БШК президенттик шайлоого даярдыктарды, уюштуруу иштерин жүргүзүп баштады. Ага ылайык, президенттикке аттанган талапкерлер 15-ноябрга чейин документтерин тапшыруусу керек. Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 14-ноябрда аяктайт. Талапкер болуу үчүн эки жол бар экенин баарыбыз билебиз: биринчиси, каалоосу бар адам өзүн талапкер катары көрсөтө алат; экинчиси, кайсы бир партия өз талапкерин алып чыгат.

Эми маселе, учурда президенттикке жарачу азаматтарыбыз кимдер? Учур талабынан карап сереп салсак, өлкөнү калчаган акыркы окуялардан алганда, учурда бизге соӊку 30 жылда бир казанда кайнаган саясатчылар эмес, иши да, дили да таза, жүрөгү мекен үчүн өзгөчө жанган ТАЛАПКЕР керек. Андай андай дымагы күч жаш азаматтарыбыздан уучубуз кур эмес.

Маселен, угушубузча, учурда 30дай коомдук уюм, саясий күчтөр жаш ишкер, кыргыздын бычакка сап азаматтарынын бири Имамидин ТАШОВду колдоп, марага чейин сүрөп барчу дымакта турушат дешет. Эмнеге болбосун, Имамидин Ташов, биринчиден, жаштыгына карабай, топ жарып чыккан курч, билимдүү, ишбилги, элдикине тийбей, тескерисинче, элге көп жардамы тийген, ишине сөзү төп келген, көп адамдын көз жашын кургаткан, жүрөгүндө ыйманды түнөткөн мекенчил жигит. Чын жүрөктөн эл үчүн күйөөрү, мекенге чын дилден кызмат кылуу далалаты ар бир сөзүнөн, ар бир ишинен сезилип турат…Жаштардын мекенчил сезимин ойготуу максатын карманып көп иштерди кылганы да жашыруун эмес. Бир эле мисал кылып, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Фуркат айылындагы жол айлампасындагы 45 метр бийиктикке туурасы 13 метр, узундугу 9 метр келген. Желекти желбире типилип, эл бактысына бир жаралып кеткен чыгаан инсандарыбыз Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Султан Ибраимов, Насирдин Исановдун сүрөттөрү түшүрүлгөн монумент коюлган тарыхый мемориалдык комплексти эле алалычы… Эми бул Имамидин Ташовдун жалпыга үлгү болчу көп зор ишинин бири…

Эми, кыскасын айтканда, өлкө президенттигине татыктуу талапкерлер дүбүртү жаштар арасынан чыгып жатканы кубандырат. Албетте, ал талапкерлерибиз кандай оор жоопкерчиликти моюнга алып жатышканын жана мекенди учурдагы сормо саздан чыгаруу далалаттарын, даярдыктарын жакынкы арада КЕНЕН СӨЗ кылабыз.

Мирзат МЫРЗА

One thought on “Президенттикке Имамидин Ташовдун талапкерлигин сунуштап жатышат. Эмнеге болбосун…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.