Бурулкан САРЫГУЛОВА: «Чаалыкканда сүрөп, сүйөп турарга, Жоксуң эми. Ичим түгөл сыйрылды»

Бурулкан САРЫГУЛОВА: «Чаалыкканда сүрөп, сүйөп турарга, Жоксуң эми. Ичим түгөл сыйрылды»
Эсен болуп, эстей жүр!
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, чыгаан журналист Бүбүкан Досалиеванын көзү тирүү болгондо бүгүн, 1-ноябрда, 63 жашка чыкмак экен. Дал ушул күнү жарык дүйнөгө келип ата-энесин сүйүндүрсө, 5-июлда катуу оорудан көз жумуп балдарын күйүндүрдү. Маркумдун сөөгү 7-июлда Бишкектин «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилген.
Бүбүкан Досалиева өмүрүнүн акырына чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, телеберүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп эмгектенди.
Бала кезден эгиз козудай ээрчишип, ынак курбулардан болгон белгилүү журналист, акын Бурулкан Сарыгулова жоктоо ырын жазып, аны «Фейсбуктагы» баракчасына чогуу түшкөн сүрөттөрү менен кошо жайгаштырды.

Өмүр тилеп сага дасмал жайылбайт

(Курбум Бүбүкандын 1-ноябрь туулган күнүнө арнайм)
Апаат жайкы алган өңдүү күз үшүн,
Сыртын салат күлкүлөргө күз ичи.
Кимге кандай билбейм, менде дегеле
Суубай койду ал апааттын изи ушу…
Жаркыраган жамалыңды аябай,
Жашоону сен сүйөөрүңө карабай,
Ажал алып кете берди заматта,
Коштоштуруп коюуга да жарабай.
Ой-тилеги бар эле го изги дейм,
Өмүрүн не ажал минтип үздү дейм.
Жок дегенде күтө турса не болмок,
Өзү туулган ушул жолку күздү дейм.
Адатымча белек издеп бүлүнбөй,
Эңгиредим ушул күнү быйыл мен.
Же бара албай, же телефон чала албай,
Жиби үзүлгөн шуру сымал бириндейм.
Башкача элең асыл курбум көп элден,
Барктуу эле күнүң дагы төрөлгөн.
Өмүр тилеп сага дасмал жайылбайт,
Бул майрамдын сен отурчу төрү өлгөн…
Намыс, акыл, күрөшчүлдүк сендеги,
Бул турмушта нени гана жеңбеди.
Кадыр билер, көңүл багаар жан элең,
Өксүп калды бүтүн аалам мендеги.
Таарынышып, анан кайра элдешип,
“Менде күнөө”, “жок, сен эмес, мен” дешип,
Канча мезгил эгиздердей ээрчиштик,
Бой тартканда калган бойдон кездешип.
Эстүү курбум, сөзгө бекем, сыр билги,
Сенче мага, менче сага ким күйдү…
Чаалыкканда сүрөп, сүйөп турарга
Жоксуң эми. Ичим түгөл сыйрылды.
Тулкусуна нарк-насилди уюткан,
Жылдыз болдуң чексиздикте буюккан.
Эстегенде нечен капшыт сөгүлөөр,
Кошкун эми, эсил курбум, Бүбүкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.