Кабыл МАКЕШОВ: «Көчмөндөр оюндарынын автору Мадумаров, Атамбаев эмес, Болот Дыйканбаев»

Кабыл МАКЕШОВ: «Көчмөндөр оюндарынын автору Мадумаров, Атамбаев эмес, Болот Дыйканбаев»

Спорт журналисттери федерациясынын башкы катчысы, 10 олимпиаданын катышуучусу, журналист Кабыл Макешовдун жазган макаласы почтабызга келди. Макалада Көчмөндөр оюндары, «Кара жорго» бийи, «Ак калпак» күнүн, элге таанытуу тарых-таржымалын өздөрүнө ыйгарып алган жалган авторлордун жүзү ачылып, нак автору айтылыптыр. Ошондой эле автор бийликке да коӊгуроо кагыптыр. Себебин төмөндөн окуӊуз!

Кыргызга күйгөн, бабалардан калган баалуулуктарды кадырлап-кастарлай билген, ар дайым ак калпагы башынан түшпөгөн, меценат, мекенчил айкөл жигит, «Көк бөрү» федерациясынын Ош облусу боюнча президенти, «Улуу кыргыз» партиясынын төрагасы, Өзгөн районунун мурдагы акими Болот Дыйканбаевди мен көп жылдан бери жакындан жакшы билгендиктен, ал тууралуу сөз кылайын деп турам.

Себеби, кыргызды дүйнөгө тааныткан Көчмөндөр оюндарынын башатында дал ушул Болот Дыйканбаев турган. Мен анын мекенчилдик сапаттарын баалайм. Ал жетекчи катары иштин көзүн билген кыраакы, жоопкерчиликтүү, баарына бирдей калыс караган мыкты менеджер, уюштургуч, айкөл жигит. Жылдызыбыз келишип калгандыктан, бир тууган инимдей болуп калган. Ошондон улам, аны жакындан жакшы билем. Бир топ жылдан бери баскан жолуна, ишине баам салып келатам. Жылдан жылга ишинин ийгилиги артып келатат. Жашоонун жакшылыгы басымдуу болуп, жакшылыктын чынжырын үзбөй жаштардын, замандаштардын көкүрөгүнө от жандырып, анын көргөн-билгени, иш-аракеттери, ишмердиги жаш болсо да келечектеги муундарга сабак, үлгү катары кеп козгоюн деп турам.

Кыргызстанда 10-15 адам патриот-мекенчил болсо, Болот ошол он адамдын эң алдыңкы сабында турса керек деп ойлойм. Себеби, ал жасаган иштерди айрым патриотмун, мекенчилмин деп көкүрөгүн каккылап кыйын болуп жаткандар жасай элек. Азыр калп баатырлар, көкүрөгүн койгулап, өзүн өтө жогору койгондор күч алып баратат. Ошолордун айрымдарынын үйүнө барсаңыз жакшылап ажааткана курганды билбейт. Кыйкырса алардан өткөн патриот-мекенчил жоктой көрүнөт. Аларда жаратмандык касиет, кыргыздын нарктуулугу, ынсабы жок…

Ошондуктан Болот Дыйканбаев кылган 3-4 демилгесин эле айтсам жетиштүү. Жогоруда айткандай, Көчмөндөр оюндарынын башатында Болот турганы тарыхый чындык. 2007-жылы 27-октябрда Өзгөн жергесинде Улуу көчмөндөр, Улуу эл оюндарын уюштуруп, анын демилгеси менен 52 боз үй тигилип, 40 миңдей күйөрман келип, коңшу 5 мамлекеттен спортчулар 2 күн улуттук спорттун 9 түрү боюнча мөрөй талашкан. Меймандарга 1 тоннадан ашык аш бастыртып,  мелдештердин жеңүүчүлөрүнө 20 миң АКШ долларына барабар байгени Болот Дыйканбаев өз чөнтөгүнөн берген. Улуу көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө баш-аягы 170 миң АКШ доллары сарпталган.

Авторлукту талашкандар кимдер?

Ушундай кыргыз баалуулуктарын даңазалаган 26 жаштагы жигиттин демилгесин колдоого алмак тургай ошол учурдагы бийлик өкүлдөрү иш-чараны өткөрүүгө 5 күн калганда бул иштин артында ким турат, кайсы партиянын кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат дешип, УМККнын, ИИМдин кызматкерлери аңдып, текшерип, демилгеге бут тосушкан. Ал түгүл, 7 жылдан кийин гана Болот Дыйканбаев баштаган Көчмөндөр оюндарын мамлекеттик деңгээлдеги иш-чарага айландырышып, бирок башатында турган Болоттун ысымы эч жерде айтылган эмес. Спорттук журналист катары гана мен бир нече жолу айтып, жазып чыккан элем. Андан бери Көчмөндөр оюндарынын авторлорубуз дегендер көбөйүп, алардын катарында Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев, Аскат Алимбаев жана башкалар бул идеяны менчиктөөгө аракет кылышты. Бирок Болот алгач ирет көтөргөн демилге дүйнөлүк масштабга көтөрүлүп кетти. Болот болсо аты аталбаса дагы, Көчмөндөр оюндары кеңири кулач жайганына, дүйнөгө таанылганына өзүнчө эле жөнү жок мактанбай сыпайы гана кубанып жүрөт.

«Ак калпак» менен «Кара жоргонун» да автору

Мындан тышкары, 2004-жылы Кытайдагы кыргыз туугандарга барып, ошол жактан «Кара жорго» бийин үйрөнүп келип, аны дагы хандар, бектер бийлеген кыргыз баалуулуктары экенин айтып, Кыргыз Республикасынын аймагына жайылышынын башында мекенчил жигит Болот Дыйканбаев турган. Ал Кытайдагы кыргыз боордоштордон үйрөнүп келип, дагы кошумчалап иштеп, көркөмдөп жаштарга үйрөтүп, КТРга тарттырып, бийлетип, Кыргызстанга жайылып кетүүсүнө себепкер болгон. Анын демилгесин башкалар илип алышып, «Кара жорго» бийинин автору болуп, өздөрүн пиар кылып алышкандар да бар. Болот болсо «Бул бийдин автору мен эмес, кыргыз эли, байыркы кыргыз элинин мурасы, мен жөн гана заманбап көз караш менен жайылтууга, жаңы мазмун берүүгө гана себепкер болдум» деп айтып жүрөт.

Анан дагы бир демилгенин башатында Болот Дыйканбаев турганын баса белгилегим келет.

Ал ар дайым жайы-кышы дебей жаш кезинен бери ак калпагын башынан түшүрбөй, «Ак калпак» күнүн белгилеп, калпакты барктап, баалай билүү демилгесин дагы алгачкылардан болуп көтөрүп чыккан. Ал түгүл Бишкектеги «Айчүрөк» борбордук дүр-дүйнө дүкөнүнүн эл баскан жерпайына Ак калпактын сүрөтүн кардарларга тебелетип жарнама катары колдонгон жетекчилерине нааразычылык билдирип, бул жагдай боюнча Жогорку Кеңешке чейин маселе көтөрүп, «эгерде калпакты кордосоңор, дароо албасаңар, анда ЦУМду өрттөйм» деп мекенчилдик сезимин билдирип, кыргыздын ар-намысын сактап калганын унутууга акыбыз жок.

Асыл тукум аттарды таптап…

Мен Болотту жашынан билем дегеним, жеңил атлетика менен машыгып, орто аралыктарга чуркоодо байгелүү орундарды ээлеп, райондук, облусттук, республикалык мелдештерге катышкан. Кийин бокс менен да машыккан. Мындан тышкары, көк-бөрүнүн чыныгы күйөрманы. Өзү да улак тартышка түшүп жүрөт. Саяпкер катары да аргымактарды таптоонун сырларын билет. Асыл тукум күлүктөрдү, көк-бөрүнүн мыкты аттарды багып келатат.  Ошондуктан Ош облусунун көк-бөрү федерациясынын жетекчиси катары түштүк аймактагы мелдештердин башында Болот турат.

Ырчы Алтынай Нарбаевага батир белек кылган

Болот Дыйканбаев чыгармачыл адамдарга да жардам берип келет. Далил менен айтсам, белгилүү ырчы Алтынай Нарбаевага эки бөлмөлүү батир белек кылган. Мындай кадамын марттык, берешендик сапат катары баалайм. Алтынай Нарбаевадан тышкары, маданият ишмерлерине, акын-жазуучуларга, манасчы-дастанчыларга да колдоо көрсөтүп, жардам берип келатат. Өзү сыпайы, мактанбаган адам болгондуктан демөөрчүлүк жардамдары тууралуу кеп кылып, өзүн пиар кылгысы келбейт.

Болот далай маданият ишмерлерине демөөрчү болуп, кыргыз тилинин өнүгүшүнө омоктуу салым кошсо дагы мактанбаган, өтө сыпайы, бир мүнөз, өтө токтоо, сабырдуу жигит. Өзү айтпаган ар кыл өнөрлөрүн, ийгиликтерин жоро-жолдоштору айтып, анын артыкчылыктарын, адамкерчилигин жогору баалап жүрүшөт. Жамаат менен же достору менен майрамдык кечелердин, шернелердин көркүн ачып, «Кара жорго» бийин мыкты бийлээрин жоро-жолдоштору айтып келет.

Болоттун жаратылыштан чыдамкай, эмгекчил, мээнеткеч мүнөзү, ата-бабадан мурасталган акылмандык касиети, ар дайым жакшылыкка умтулган адамкерчилиги ушундай ийгиликтердин башаты болуп келатса керек деп ойлойм. Бала кезден илим-билимге умтулуусу, бардык нерсени талдоого алган чыгармачылык дилгирлиги Болот Дыйканбаевдин жаратылыш ыроологон күч-кубатын арттырып, жүрүм-турумун, кайратын бүлөп, ал тургай ой-чабытын кеңештип, Кыргызстанда жаштардын лидер болууга эгедер кылган деп түшүнөм. Жаш кезинде ыр жазганы, адабиятка ынак, дилгир болгону менен маданият ишмерлерин колдоого алып, демөөрчү болуп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, кыргыз баалуулуктарын сактоодо зор салым кошкону эле мекенчил, жаратман инсан болгонун далилдеп турбайбы?!

Пандемияда да четте карап турган жок

Болот бир топ жыл «Жазы» айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, элге алынып, иштерман жигит экенин калкы баалап, барктап, райондук жетекчиликке сунуш кылышкан. Соңку эки жылга чукул Өзгөн районунун акимини орун басары болуп иштеп, улуттар арасындагы ынтымакка данакер болуп, жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн чечип, калыстыгы, жоопкерчилиги менен элге алынгандыктан жергиликтүү калктын сунушу менен мындан 2-3 ай мурда райондун акими болуп дайындалып, жигердүү иштеп жаткан. Ал иштин көзүн билген кыраакы адис катары, жаш болсо дагы райондо алгылыктуу иштерди аткарганын айтып жүрүшөт. Жергиликтүү калктын өкүлдөрү баса белгилегендей, Өзгөн шаарынын суу жана канализация боюнча Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен бирдикте заманбап долбоорду ишке ашыруу демилгесин көтөрүп, элдин жашоо-шарттарын жакшыртып, тарыхый шаардын инфрастуруктурасын жаңылоого, алдыңкы шаарларга айландырууга, айыл өкмөтөрдөгү таза суу маселелерин чечүүнү колго алып, элдин алкоосуна арзыган. Жакыр колунда жок, көп бүлөлүү үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоого алып, материалдык жардам берип турганын райондун эли айтып жүрүшөт. Пандемия убагында да ооруудан жапа чеккен колунда жок адамдарга ун, май, азык-түлүк, каражат берип жана дары-дармектер менен камсыз кылып, соопчулук иш-аракеттерди кылган.

Бийликке коңгуроо, кулак кагыш!

Элдин батасын алган, жергиликтүү калк колдогон Болот учурдагы саясый окуялардан улам, кызматтан алынып, тоону томкороор учурда анын мээнети бааланбай, учурда  жаштарды колдоого алабыз деген жагдайда ушул жаратман, иштерман жигитке көңүл бурулбай жатканын бийлик өкүлдөрүнө коңгуроо, кулак кагыш катары айтып турган учурум. Мен өзүм түндүктөн болсом да «бычакка сап» түштүктүн кулуну үчүн ичим ачышып, аксакалдык калыс пикиримди айтып коюуну эп көрдүм…

Чынында эле Болот бала кезинен өз киндигин өзү кесип, ишкерлик менен алектенип, бир нече ишкана ачып, ондогон адамдарга жумушчу орундарын түзүп, иш менен камсыз кылган.

— Биз акыры системаны алмаштырып, жаңы мамлекетти, жаңы заманды тандашыбыз керек да. Отуз жылга чукул убакыт жашап көрбөдүкпү. Жаштар  коррупцияга малынган абал кайталанганын  каалабай, парламенттик шайлоо калыс өтпөгөнүнө нааразы болушуп, бийликти алып түшпөдүбү. Эми Садыр Жапаровго эл ишеним көрсөтүп жаткандыктан саясий эрк деген болуш керек.Садыр Нургожоевичте саясий эрки бар үчүн өз алдынча аттанып чыгып, мурдакы системаны алмаштырууга аракет кыла баштады. Ушуну саясий эрк деп айтат, -дейт Болот Дыйканбаев.

Кылымдарды карыткан байыркы кыргыз эли илгертен адамдын аброюн, адамкерчилигин, акыл-парасатын, нарк-насилин жогору баалап келген. Кадырман калк ичинде кадыр-барк күтүү үчүн акыл, илим-билим менен күч-кубат жуурулушуп, эмгек жана мээнет менен ширелишип, ар намысты туу кылган эр-азаматтын шыбагасына гана буйурган. Мына ушундай кадыр-барк адал эмгек, тынымсыз изденүү, жашында ыр жазган чыгармачылык ой-чабыты, өз кесибин, Мекенин берилип сүйүү аркылуу келсе керек. Жаны тынбаган мээнеткеч Болоттун алдында дагы далай ашуулары, аруу тилек, максаттары бар. Ошондуктан Болоттун ар бир ийгиликтеринин, демилгелеринин аркасында Ата-Мекенди сүйүү, ар- намыска бекем туруу, айтылган убадаларын аткаруу, мекенчилдик ыйык сезимдери турат.

Иш десе ишке, аш десе ашка тойбой жаштык жигери мекеним деп турган, алыска чуркап бараткан аргымактай Болотту көз жаздымдан калтырбай, учурдагы бийлик өкүлдөрү бул жигитти өлкө үчүн иштөөгө мүмкүнчүлүк түзөт го деген ишеним бар. Болотту кандай кызматка койсо дагы жүк тартып, элдин ишенимин актай алаарына көзүм жетет. Аны  жооптуу кызматка коюп, тандаган жетекчилер, бийлик өкүлдөрү да уят болбойт. Себеби, Болот менен чалгынга да, жортуулга да бирге барсаңар, ара жолдо калбайсыңар! Ал башкалардай эч кимди сатып да, кыйын кырдаалда кол үзүп кетпеген кыргыздын мыкты жигиттеринин бири. Мен муну бөркүмдөй көрүп, терең ишеним менен айта алам. Себеби, учурда эл мүңкүрөп, кыйналып турганда ушундай жаратман Болоттой жигиттер Мекендин жүгүн көтөрүп кетүүгө татыктуу!

Ата-журттун келечегине чындап күйгөн,мекенчил, намыскөй, жоомарт, айкөл инсан турганда кыргыздын аты ааламга далай угулаар. Болоттой курч жигит жерде калбайт го деп ойлойм. Болот сыяктуу далай мыкты жигиттер көз жаздымда калбаса дейм. Бул макала бийлик өкүлдөрүнө коңгуроо, кулактарына күмүш сырга болсун деген эле ой.

Кабыл МАКЕШОВ, журналист, 

Кыргыз Республикасынын

спорт журналисттери

федерациясынын башкы катчысы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.