ВИДЕО — Министр милиция бийлей тургандай сөз айттыбы?..

ВИДЕО — Министр милиция бийлей тургандай сөз айттыбы?..

Бүгүн, 1-ноябрь — Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Алар быйыл кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдыгын белгилешүүдө.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков кесиптештерин майрамы менен куттуктап сөз айтып, кызмат учурунда кызматтык милдеттерин аткарып жатып курман болгон милиция кызматкерлери  эскерилип,  кызмат-иши татыктууларга наам-сыйлыктар тапшырылганын басма сөз кызматы билдирди.

Айтымында, салтанаттуу иш-чарага санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен өтүп, кызматкерлердин аз гана бөлүгү катышкан. Калганы өз бөлүктөрүндө сыйланышкан.

Министр Улан Ниязбековдун куттуктоосу мындай болду:

— Урматтуу кесиптештер, ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Жарандардын бейпил жашоосу, өлкөнүн коопсуздугу, тынчтыгы, мыйзамдуулуктун өкүм сүрүшү үчүн кызматыңарды өтөөдөсүңөр. Сиздер жогорку сый-урматка татыктуусуңар.
Сиздер күнүмдүк ишмердүүлүгүңүздөрдө мыйзамдуулукту сактап, жарандардын укуктарын коргоодосуздар. Өлкөдө орун алган социалдык-экономикалык, саясий шарттарда жоопкерчилик мындан дагы көбөйүүдө. Ошондуктан милицияда өз кесибин сүйүп, ага жоопкерчилик жана абийир менен мамиле кылып, курч маселелерди тиешелүү деңгээлде жана өз убагында чечкен кесипкөйлөр иштөөдө.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап жатып, бекем ден соолук, ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалап кетмекчимин.

Белгилей кетсек, кыргыз милициясынын кесиптик майрамы 1924-жылы 1-ноябрь — Кара-Кыргыз автономиялуу облусунда милициянын түзүлгөн күнү негиз кылынып майрамдалып келет. Расмий түрдө КРнын Ички иштер министрлигинин сунушу менен 1993-жылы бекитилип берилген.

Эрктүүлүк, кайраттуулук менен бычак мизинде кылмыштуулукка каршы туруп, өз өмүрүн тобокелге салып МЕКЕН үчүн кызмат кылып жаткан милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен «Алакан» сайтынын эмгек жамааты да куттуктап, ары кооптуу, ары жооптуу ишиӊиздерге ийгилик каалайбыз! Жогорку видеодогудай бий коштогон кубанычтуу күндөрүӊүздөр көп болсун! Иш менен жыйынтык эл тынчтыгына, журт тынчтыгына, ӨЛКӨ тынчтыгына гана жумшала берсин! 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Image Gallery

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.