Садыр ЖАПАРОВ: «Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев изделүүдө»

Садыр ЖАПАРОВ: «Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев изделүүдө»

Бүгүн, 2-ноябрда, президенттин милдетин убактылуу аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапары менен барып, эл менен жолугушту.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар: “5-октябрдагы митингде каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулунун өлүмүнө ким жооп берет?” деген суроо узатышты. Садыр Нургожоевич ага кылмышкерлер жооп берээрин, милиция менен элдин кагылышуусуна күнөөлүүлөр жана буйрук бергендер жазаланаарын баса белгилеп, Үмүтбек кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталаарын айтты.

Ошондой эле ал ошол учурдагы ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев менен УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев изделип жатканын билдирди.

Эске сала кетсек, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон 12 партия 5-октябрда Бишкектеги Ала Тоо аянтында митинг өткөрүп, аягы кайгылуу окуя менен аяктаган.  Митингчилер менен милициянын кагылышуусунда бир канча адам катуу жабыркап, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу кулак тундуруучу жардыргычтан бутунан катуу жаракат алып, ооруканада каза болгон. Маркумдун сөөгү Баткендеги туулуп-өскөн айылында жерге берилген эле. Ал эми өлкөдө шайлоонун шайтан оюндарынан кийинки нааразылык олку-солкусу менен бийлик алмашкан болчу.

Ошол кагылыштан кийин Ак үй, УКМК басып алынып, бир топ саясатчылар абактан бошотулган. Алардын арасында Садыр Жапаров да болгон. Ал алгач соттон акталып, үч жолу премьер-министрликке талапкерлиги коюлуп, акыры 90 депутаттын колдоосу менен 34-премьер-министр болуп мыйзамдуу бекитилген (ага чейин кимдер премьер болгонун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот). Кийин Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышарын 21-октябрда билдирип, 26-октябрда ачык эле жарыялап айтып чыкты…

Белгилей кетсек, бийлик алмашкандан кийин бир катар кызматтарда аз күнгө жетекчилик кылгандар да болгон. Анын бири — Ички иштер министринин милдетин аткарып кеткен Курсан Асанов ага чейинки министр Кашкар Жунушалиевдин качып кеткенин 7-октябрда журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатып айткан эле (аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот).

Ал эми Орозбек Опумбаевди болсо, 9-октябрда, андагы президент Сооронбай Жээнбеков  кызматынан бошоткон эле…

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Садыр ЖАПАРОВ: «Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев изделүүдө»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.