Орусиянын Жогорку муфтийи шылдыӊ карикатураларды «болбогон нерсе» деп атады

Орусиянын Жогорку муфтийи шылдыӊ карикатураларды «болбогон нерсе» деп атады

Орусиянын Жогорку муфтийи Талгат Тажуддин сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммадды (саллаллааху алайхи ва саллам) шылдыӊдаган карикатураларды “болбогон нерсе” деп атады. Бул тууралуу РБК агенттиги жазып чыкты.

Талгат Тажуддин Мухаммед пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) эч качан өч алууга үгүттөбөгөнүн жана кечиримдүүлүктү баалаганын баса белгилеп: «Болбогон бир нерсе үчүн, кимдир бирөө бир нерсени тарткандыгы үчүн согуш жарыялоо, душман катары көрүү – бул Кудайга да, Кудайдын жердеги өкүлдөрүнө да, динге ишенген кишилерге да жакпаган нерсе, бул бизге каршы келет«, – деп айтты.

Талгат Тажуддин Франция президенти Эммануэль Макрон менен аны колдогон француздарды бардык мусулмандардын душманы деп атаган Чеченстан муфтийинин сөзүн анын жеке пикири деди.

Эске сала кетсек, 16-октябрда Париждин жака-белинде тарых жана география мугалими Самюэл Пати өлтүрүлгөн эле. Француз бийлиги аны Абдулла аттуу 18 жаштагы качкын чечен өлтүргөнүн билдирген. Абдулланын ал ишке барганына ал мугалим бир нече күн мурда сабагында сөз эркиндиги тууралуу кеп кылып, класстагы окуучуларга Charlie Hebdo журналы чыгарган Мухаммад пайгамбардын (саллаллааху алайхи ва саллам) карикатураларын көрсөткөнү себеп болгон.

26-октябрда Франция президенти Эммануэль Макрон өлкө мамлекеттик баалуулуктарды коргоону жана радикалдуу исламга каршы күрөштү улантаарын, Франция сөз эркиндигинен, карикатурадан баш тартпай тургандыгын билдирип, соӊку окуяларды «исламчыл террорчул чабуул» деп мүнөздөгөн эле.

Анын айтандарына каршы реакция кылгандар Францияда эле эмес,  ааламдын ар кай жеринде көбөйүп, Түркия президенти Режеп Эрдоган Макронду расизмге айыптап, Чеченстан башчысы Рамзан Кадыров “Макрон тымызын мусулмандарды теракт жасоого чакырууда” деп айткан. Ал эми Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кадыровдун сөзүнө комментарий берип жатып, субъектилердин башчылары тышкы саясат менен алектенбеши керек экендигин белгилеген болчу.

Бишкекте да Макронго каршы акция өттү…

Кечээ, 1-ноябрда, Бишкекте Франция президенти Эммануэль Макронго каршы акция уюштурулду. Ага экс-депутат ажы Турсунбай Бакир уулу да катышты. Акцияга чогулгандар Мухаммед пайгамбарыбызды (САВ) шакаба сүрөттөргө тартууну жана исламга каршы чакырыктарды токтотууну талап кылышкан. Акция уюштуруучусу активист Абдулхамид Таштанов Макронду мусулмандардан кечирим суроого чакырды…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.