КЫРГЫЗГИДРОМЕТ: «8-9-ноябрда кар жаашы күтүлөт»

КЫРГЫЗГИДРОМЕТ: «8-9-ноябрда кар жаашы күтүлөт»

8-9-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн бүгүн, 3-ноябрда, ӨКМнын Басма сөз кызматы билдирди.

📌8-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

📌9-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

📌9-ноябрда күндүз Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.