Улуттук банк доллар кымбатташынын себебин айтты…

Улуттук банк доллар кымбатташынын себебин айтты…

Быйыл, жыл башынан бери доллар 12-13 сомго кымбаттады. Бирок күндөн-күнгө баасы дале өсүп баратат. Анын себебин Улуттук банк түшүндүрдү. Алардын айтымында, доллардын кымбаттап кетишине суроо-талаптын күчөгөнү, сырье товарлардын кымбатташы, коронавируска байланыштуу айрым өлкөлөрдүн чектөө киргизгени себеп болгон.

Улуттук банк кечээ, 2-ноябрга карата доллар курсун 81,80 сом деп аныктаган, бирок, акча алмаштыруучу жайларда сатуу курсу жогору — 83 сом. Бүгүн, 3-ноябрда Бишкекте сатуу курсу 83,5 сомду түздү.

Айтор, доллар кымбаттады шылтоосу менен бардык товарлар, тамак-аш да кымбаттап баратат. Карапайым элге эле кыйын болду…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.