ВИДЕО — Айгүл ТЕКЕБАЕВА: «Баарыңыздар кыз узатып, келин алыңыздар!»

ВИДЕО — Айгүл ТЕКЕБАЕВА: «Баарыңыздар кыз узатып, келин алыңыздар!»
Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаев менен Айгүл Текебаева тун кызы Айданекти турмушка узатып кубанып турган чактары.
Айгүл айым элге ыраазычылык билдирип, «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:
«Ата-эненин милдети балдарды чоңойтуп, тарбиялап, андан соң аларды өз алдынча турмуш жолуна салуу. Тун кызыбызды турмушка узатып, кайната, кайнене статусуна ээ болдук. Биринчи жолу куда-кудагый күтүп, өзгөчө кубанычта болдук. Жакшылыгыбызга ортоктош болуп, кубанычыбызды тең бөлүшкөн, бизге каалоо-тилек арнаган жакындарыбызга, туугандарыбызга, досторубузга терең ыраазычылык билдиребиз. Баарыңыздар кыз узатып, келин алыңыздар! Заманыбыз тынч болуп, ар дайым тойлор болсун!«

“Өзүңө ишен!”

Өмүрбек Текебаев менен Айгүл Текебаеванын эки кыз, эки уулу бар. Турмуш туткасын кармаган Айданек жөн кыз эмес, ал жакшы иштерди жасаган кыз. Анын бири — “Өзүңө ишен!” аттуу социалдык ролик. Ага продюсерлик кылып (режиссеру Эсентур Текебаев) дүң болгон. Аны бу жердеги ВИДЕОдон көрсөңүз болот.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “ВИДЕО — Айгүл ТЕКЕБАЕВА: «Баарыңыздар кыз узатып, келин алыңыздар!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.