ВИДЕО — Бабановдун маеги сынга түштү. Анда ал актандыбы же чындыкты айттыбы?

ВИДЕО — Бабановдун маеги сынга түштү. Анда ал актандыбы же чындыкты айттыбы?

9-октябрдагы аягы тополоӊ менен коштолгон тынчтык митингинен кийин көрүнбөй кеткен экс-депутат Өмүрбек Бабанов «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүнө келип, маек куруп берди.

Айтымында, ал 13-октябрда андагы президент Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен жолуккан жана 9-октябрдагы окуяны чагымчылдык деп баалады. «Чагымчылдардын эки максаты болгон. Биздин жоон топко келип ургулаганда биздеги жаш балдар аларды уруп, анан Садыр Нуркожоевичтин тарапташтары менен урушмак. Чоң чыр чыкмак, анан үчүнчү адам «мамлекетте мындай болуп атат» деп баарын тынчытып, камай турганын камап, ак болуп чыкмак. Ал ишке ашпаса, буларды качырып жиберебиз деген экинчи максаты болгон», — деди Бабанов.

Ошондой эле ал 6-октябрдагы окуялардан кийин «Ата Мекен», «Республика», «Бир Бол», «Реформа» партиялары коалиция түзүп, премьер-министрликке эмнеге анын талапкерлигин  көрсөткөнүн айтып берди. 7-октябрда Алтынбек Сулайманов өз жардамчысын жөнөтүп, «чогулуп, сүйлөшөлү» дегенин да белгилеп айта кетти.

БАБАНОВ: «Депутаттарды коркутуп өкмөт башчы дайындап алган туура эмес»

Белгилей кетсек, 9-октябрда «Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа» жана «Республика» партиялары маалымат жыйын өткөрүп, «Акыркы үмүт» аттуу саясий бирикме түзүү тууралуу меморандум кабыл алышканын, премьер-министрликке Өмүрбек Бабановду, биринчи вице-премьер-министрликке Тилек Токтогазиевди сунуштап жатышканын билдиришкен.

Анда Өмүрбек Бабанов: «35-40 депутатты камап туруп, коркутуп өкмөт башчы дайындап алган туура эмес. Садыр Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге да кайрылам, бүгүнкү абалды курчутпай, парламентти топтойлу, дайындоону ишке ашыралы» деген эле.

Социалдык тармактагы пикирлер…

Өмүрбек Бабановдун жогорудагы маегин социалдык колдонуучулар сынга алышууда…

Журналист Марат Тагаев: «Бабанов президенттикке аттанса туура деп эсептейм. Бирок, маеги жакпады. Башкарып жаткандардын деңгээли ойлондуруп, эларалык коомчулук тааныбай, экономика оор абалда турганда, өзүнүн фишкасы болгон ушул багыттарга басым жасаса болмок. Бабановдун фишкасы экономика, эларалык саясат. Бабановду президент көргүсү келгендердин бир бөлүгү чет мамлекетте жүргөнүн, башка президенттер менен жолукканын элестетип, Кыргызстандын имиджин көтөрөт деп ойлойт. Анын ордуна Атамбаев деген, азыркы ички ыйкы-тыйкы чыладан чыга албай койду» деп жазды.

Ал эми Эламан Жайлообаев: «Бабановдун берген маеги курч өтөт деп күттүм эле, бирок, дагы деле коркоктук кылды, бардыгын ачык айта алган жок. Садыр Жапаров жана Матраимов тууралуу суроого тайсалдап болгонун болгондой айтпай, карапайым элге жага турган жоопту берди. Садыр Жапаровдун президент болууга мүмкүнчүлүгү бар экенин эске алып, ошого жараша жооп берип жатат. Бабанов Садыр Жапаровго каршы атаандаш болуп шайлоого бара албасы көрүнүп турат» деп жазса, Адыл Асанов «Бабановду азыр эч ким колдобойт» деп жазды.

Эске сала кетсек, 9-октябрда Ала-Тоо аянтында митинг өтүп, ал жерге экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Сапар Исаков, экс-мэр Албек Ибраимов, «Замандаш» партиясынын лидери Жеӊиш Молдокматов, «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Тилек Токтогазиев (бүгүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри), Фарид Ниязов жана ЖК депутаттары Рыскелди Момбеков, Максат Сабиров, Руслан Казакбаев (бүгүн Тышкы иштер министри) келип катышкан эле. Андагы эки тараптын кагылышуусунда Темир Сариевдин жан сакчысы менен Тилек Токтогазиев жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов көп узабай кайрадан камакка алынып, Албек Ибраимов менен Сапар Исаков болсо, өлкө ичинде жашырынып жатышабы же сыртка качып чыгып кетиштиби, азыркыга чейин дайындары билине элек…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.