Атыр Абдрахматованын ордуна Акылбек Сариев келди

Атыр Абдрахматованын ордуна Акылбек Сариев келди

Бүгүн, 4-ноябрдагы парламенттик жыйында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы БШК мүчөлүгүнө Акылбек Сариевдин талапкерлигин көрсөтүп, депутаттар жактырып, колдоп беришти. Жашыруун добуш менен 64 депутат макулдугун берип, 36 депутат каршы чыкты.

Буга чейин парламент БШКнын оппозициялык квота менен келген мүчөсү Атыр Абдрахматованын ыйгарым укуктарын өзү жазган арызына ылайык токтоткон. Анын ордуна келген Сариев 2002-2008-жылдары БШК мүчөсү болгон. 2010-2011-жылдары БШКны жетектеген.

Белгилей кетсек, БШКнын 12 мүчөсү бар. Аларды 5 жылдык мөөнөткө Жогорку Кеңеш тандап, бекитет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.