Бакыт БАКЕТАЕВ: «Мен өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары президенттик шайлоого катышканы жатам»

Бакыт БАКЕТАЕВ: «Мен өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары президенттик шайлоого катышканы жатам»

Саясий серепчи, коомдук ишмер Бакыт Бакетаев президенттикке талапкерлигин коюуну көздөп жатканын журналисттерге билдирди. Айтымында, ал талапкер катары өзүн-өзү көрсөтүп жатат…

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-ноябрда, Жогорку Кеңеш төрагасы Канат Исаев төрагалык кызматтан кетти. Ал дагы өлкөдөгү башкы мамлекеттик кызмат үчүн ат салышарын жарыя кылды. Ал эми анын ордуна Жогорку Кеңеш төрагалыгына депутаттар Талант Мамытовдун талапкерлигин жактырып дайындап беришти.

Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, тийиштүү документтерин БШКга “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров, коомдук ишмер Арстан Алай, экономист Кубан Чороев, активист Назарбек Нышанов жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановдор тапшырышкан эле.

Ал эми президенттин милдетин убактылуу аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров кызматын декабрь айынын башында тапшырып берерин, президенттикке талапкерлигин коерун билдирген эле.

Айтмакчы, «старик Ванга» лакап аты бар Бакыт Бакетаев буга чейин өлкөдөгү маанилүү окуяларда, тагырагы, президенттик же парламенттик шайлоолордо, төлгөчү-айтымчылардай эле «ким президент болот», «парламентке кайсы, канча партия келет»өз «божомолун» айтып калган учурларын билсек керек. Айткандарынан, алсак, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев боюнча жоромолдору туура чыгып учурунда бир дуу болгону эсибизде.

Сөз кезеги келгенде айта кетпесек болбойт. Бакыт Кушбекович, Сооронбай Жээнбеков шайланганга чейинки бир мезгилде бизге маек берген. Ал маегинде «…Азыр президенттикке 50дөн кем эмес адам талпынууда. Даярдана берсин, бирок конкреттүү беш киши бар. Былтыр 7 эле, экөөсү менин, анан элдин сынынан өтпөй калды, таңгөрү (күлүп). Азыр ошол бешөөн сырттан сынап, кез-кезде чай ичип сүйлөшүп коем. Сен айткандай Курманбек Бакиевден баштап кийинки президенттер ким болорун айтып коюп, келерки президентке да жоопкер болуп калдым (күлүп). Мадумаров мен өтөм, Ташиев менен мен өтөм же биригебиз деп жүргөндө, Атамбаев жеңет деп эки ай мурун айтып койгом, штабынан келип колумду кысып жүрүшпөдүбү, «сиз айткандан кийин биздин штаб толуп кетти» деп. Эмкиси ким экенин 2017-жылга жакындаганда айтам (күлүп). Эл коркпосун, абдан сонун президент келет» деген эле, чиркин…

Кийин Бакыт Кушбекович Алмазбек Атамбаевдин саясатын катуу жактаган, коргогон серепчи болуп кыйла сынга да кабылды. Андан соӊ ортодон тыныгуу алгандай саясий аренадан сөзү да угулбай, өзү да көрүнбөй калгансыган. Эми «президент болом» деген катуу чечимге келиптир. Мейли, төлгөсү кандай түшкөнүн убакыт көрсөтөр…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.