Үч эмге Садыр, Жапар, Нуркожо аттуу ысым берилди

Үч эмге Садыр, Жапар, Нуркожо аттуу ысым берилди
ФОТО: «АКИпресстики»

Бул тууралуу «АКИпресс» жазып чыкты. Алардын айтымында, Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда  29-октябрда жарыкка келген үч эм бүгүн, 4-ноябрда, үйүнө чыгарылды.

Аталган борбордун башкы дарыгери Салтанат Назаралиеванын айтымында, үч эм 2 кг 20 гр, 2 кг 300 гр, 2 кг 500 гр болуп төрөлгөн. Учурда эне, балдардын абалы туруктуу. Ымыркайлардын 21 жаштагы апасы Сезим Ырысбек кызынын айтканы боюнча үй-бүлөлүк чечим менен наристелерге президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаровдун урматына Садыр, Жапар, Нуркожо аттуу ысымдарды ыйгарышкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.