Исаев спикерликтен кетти. Ал кызматтан эмнеге кеткенин жана Жапаров тууралуу көп нерсе айтты…

Исаев спикерликтен кетти. Ал кызматтан эмнеге кеткенин жана Жапаров тууралуу көп нерсе айтты…

Бүгүн, 4-ноябрда, Жогорку Кеңеш жыйынында Канат Исаев спикерлик кызматтан кеткенин жарыялады. Айтымында, «Кыргызстан» партиясы анын талапкерлигин президенттикке көрсөтүп жаткандыктан, ал кызматтан кетүүнү чечкен.

Парламент трибунасында өлкөнү мыйзамдуу жолго кайтаруу үчүн парламент кылган иш-аракеттерге токтолуп өттү: “Президент кызматтан кеткенден кийин, спикер катары президенттин ыйгарым укуктары мага жүктөлгөн, бирок 6-чакырылыштын мөөнөтү аяктап бараткандыктан, кырдаалды турукташтыруу үчүн, чыр-чатактар ​​чыкпашы үчүн мен өз ыктыярым менен президенттин милдетин аткаруудан баш тарттым. Бул вазийпа Садыр Жапаровго өткөн. Ошентип президенттин милдетин аткаруу премьер-министр Садыр Нургожоевичке өтүп, бүгүн эбегейсиз, зор бийлик рычагдарына ээ болду. Эки тизгин, бир чылбыр колуна өттү. Эми ал бардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык ыйгарым укуктарга ээ. Ал президенттин милдетин аткаруучунун ыйгарым укуктарын парламенттин спикерине өткөрүп бериши керек. Азыр Жогорку Кеңеш ишин узартты, ошондуктан спикер президенттин милдетин толугу менен аткара алат”.

Исаевдин ордуна ким келет жана кызматтык макамы кандай болот?

Канат Исаев спикерликтен кетип, анын ордуна депутат Талант Мамытов келээри соӊку жумаларда күбүр-шыбыр кеп болуп, 28-октябрда айыӊ кептин анык экендиги белгилүү болгон. Себеби, депутаттар көмүскөдө ким үчүн жана эмне үчүн кол топтой баштаганын депутат Сайдулла Нышанов ачыктап айтып чыккан эле. Канат Исаев болсо, ага да ошондой кептер жеткенин айтса, Мамытов андай маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да эмес. Ал эми учурда спикерликке жалгыз талапкер (!)Талант Мамытовго жашыруун добуш берилип жатат.

Дастан Бекешевдин Твиттерге жазганы боюнча, «Талант Мамытов будет ИО Президента до присяги нового Президента. Это почти конец января. 2 месяца»(?!) …

Ал эми интернетте отурман окурман, күйөрман, даанышман журтчулук: «Жайына кой жалбырак дирилдеп алсын»… дейт, эки ай президент болуп отуруп калса… кыскасы, Талант Мамытовдун өмүр таржымалына «эки ай ПРЕЗИДЕНТ болуп иштеген» деген пункт кошулганы калды…

Айтор, интернет журтчулугу «Атос, Портос, Арамис» атап жаткан  үч достун дүбүртү катуу кетти… Дүйнөнү таӊгалткан өсүш дүбүртү болсун эми…

Ал эми партия атынан президенттикке талапкер болмокчу болгон Канат Исаев спикерликке 13-октябрда дайындалган эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Исаев спикерликтен кетти. Ал кызматтан эмнеге кеткенин жана Жапаров тууралуу көп нерсе айтты…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.