Прокурор Жээнбековго кылмыш иши козголбогонун, Исаков кайда экенин билбестигин айтты…

Прокурор Жээнбековго кылмыш иши козголбогонун, Исаков кайда экенин билбестигин айтты…

Бүгүн, 4-ноябрда, башкы прокурор Курманкул Зулушев басма сөз жыйын өткөрүп, прокуратура саясатка аралашпайт, саясий куугунтук кылбайт деп баса белгилеп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Жыйында баш прокурор ЖК депутаты Асылбек Жээнбековго, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кылмыш иши козголбогонун билдирди. «Мухаммедкалый Абылгазиевге кылмыш иши козголгон жок, бирок тергөөдө далилденсе, козголот”, – деди.

Ошондой эле ИИМдин мурдагы жетекчиси Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын мурдагы жетекчиси Орозбек Опумбаев азыр кайда экенин билбестигин, аларга издөө жарыяланып, иш козголгонун, алардын иш-аракетине юридикалык баа берилиши керек деди. Премьер-министр Сапар Исаковдун тууралуу сурашканда, анын да кайда экендигин билбестигин айтты.

Эске сала кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор бийликти алмаштырышкан. Андагы министр Кашкар Жунушалиев менен УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү ишин таштап качып кетишкен. Алар изделип жатканын 2-ноябрда президенттин милдетин убактылуу аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусундагы эл менен жолугушууда айткан.

Ал эми Сапар Исаков болсо, Садыр Жапаров, Алмазбек Атамбаев бар бир топ саясатчылар менен шайлоодон кийинки тополоӊ маалында абактан бошотулган эле. 9-октябрда элдин дуу-дуусу менен «Форумда» элдин алдына чыгып, экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, экс-мэр Албек Ибраимов ж.б. улуу-кичүү саясатчылар, активисттер менен Ала-Тоо аянтында митинг өткөргөнү келишип, ал жерден Садыр Жапаровдун тарапташтары менен кагышып, ар кимиси ар кай жакка кетип тарашкан болчу. Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов көп узабай кайрадан камакка алынып, Албек Ибраимов менен Сапар Исаков болсо, өлкө ичинде жашырынып жатышабы же сыртка качып чыгып кетиштиби, азыркыга чейин дайындары билинбей келаткан…

Ал эми Курманкул Зулушев болсо, башкы прокурор болуп 21-октябрда дайындалды (ага чейинки прокурорлор тизмесин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот).

И баса…

Садыр Жапаров Ош шаарында эл менен жолугушуп жатканда, ага Өзгөн районунун жаңы дайындалган акими Руслан Мейматкулов Зулушевдин өкүл баласы экендиги айтылды. Бул кабарга Мейматкулов өзү реакция кылып, маалыматты төгүндөп, «Turmush.kg» cайтынын журналисттерине: «Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен тууганчылык дагы жайым жок. Өкүл атам Өзгөн районунун Чыңбай айылынын тургуну», — деп билдирген…

Анткен менен, бул маалымат дагы такталат, тастыкталат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.