Боорсок бышыруудан чыккан өрт той өткөрөлү деп турган үй-бүлөнүн тамын жалмап кетти

Боорсок бышыруудан чыккан өрт той өткөрөлү деп турган үй-бүлөнүн тамын жалмап кетти

Ьүгүн, 5-ноябрда, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ясенский кыска көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат эртең менен 09:30да ӨКМга келип түшкөнү тууралуу басма сөз кызматы билдирген. Алардын айтымында, өрттү өчүрүүгө бөлүм өрт өчүргүчтөр тартылып, тилсиз жоону андан нары жайылтпай 10:13тө токтотуп, саат 12:11де толук өчүрүшкөн. Бактыга жараша, жабыркагандар жок.

Өрттөнгөн үйдүн ээсинин тууганынын «АКИпресске» айтып бергени боюнча өрт кошуналардын үйүнөн чыккан: «Алар боорсок бышырып жатышкан окшойт. Биздин үйдө эч ким жок болчу. Үйдүн жанынан куруучулар өтүп баратып, өрт биздин үйгө жайылганын көрүп калышыптыр. Бирок өрттү өчүрө албай коюшуптур… Тамды 20 жыл бою салдык эле… Жакында эле евроремонт жасатканбыз… Мына-мына той өткөрөлү деп жатканбыз да»…
Албетте, биринин үйү өрттөнүп, бири өрттүн чыгышына кокустан себепкер болуп калган кошуналардын күн сууктап калганда ушундай кыйын абалга тушуккандары өкүнүчтүү. Анткен менен ич ара келишип көйгөйдү чечип алышар деген ишенимдебиз…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.