«Foreignlobby.com»: «Жапаров өлкө кызыкчылыктарын сүрөш үчүн 1 миллион долларлык келишимге кол койду»

«Foreignlobby.com»: «Жапаров өлкө кызыкчылыктарын сүрөш үчүн 1 миллион долларлык келишимге кол койду»

Израилдин чалгындоо кызматынын мурдагы офицери жана ал негиздеген фирма Кыргызстандын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде сүрөөнгө алат. Бул тууралуу «Азаттык» «Foreignlobby.com» басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

«Фирма президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун АКШнын расмий өкүлдөрү, Израилдин премьер-министри, араб мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугушуусун уюштуруунун милдетин алууда» деп жазган аталган басылма.

«Бийликке эки жума мурда эле кайдан-жайдан келгени белгисиздей сезилген, Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров экономикалык кризистин айынан эл аралык жардам алуу максатында өз кызыкчылыктарын сүрөш үчүн бир миллион долларлык келишимге кол койду. Садыр Жапаровдун өкмөтү 30-октябрда Израилдин мурдагы аскер чалгынчысы Ари Бен-Менаш менен макулдашты. Ага ылайык Бен-Менаштын Монреалда иш алып барган «Dickens&Madson Canada» компаниясы Кыргызстандагы бийликти АКШ менен Жакынкы Чыгышта сүрөөнгө алып, бул аймактардын чечим чыгаруучу мамлекеттик кызматкерлери менен тез арада экономикалык кызматташтык, коопcуздук, COVID-19 менен күрөшүүдө жардам алуу боюнча келишимдерге жетүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүн шарттоо, алар менен жолугушууларды уюштуруп берүүнү жана кызыкчылыктарын сүрөөнү ишке ашырмакчы. Бул үчүн иш акысы бир миллион долларга бааланып, кыргыз тарап 500 миң долларын төлөгөнү документтерде тастыкталды» деп айтылат макалада.

Ак үй эмне дейт?

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек алгач «бул кабарды тактагандан кийин гана комментарий беребиз» деп жооп берген «Азаттык» радиосуна.

Келишимге ким кол койгон?

Кыргыз өкмөтүнүн атынан бул келишимге Бишкекте катталган «Реннесанс» агрардык-өндүрүш корпорациясынын ээси Абдыманап Карчыгаев кол койгон. Анын уулу, аталган корпорациянын жетекчиси Алтынбек Карчыгаев «Азаттыкка» мындай келишимге кол коюлганын ырастап, «анын максаты негизинен тышкы карызды жоюуга байланыштуу болчу, бирок майда-чүйдөсүн атам билет» деген комментарий берген.

Абдыманап Карчыгаевдин Кыргызстанда, Орусияда катталган бир нече жеке фирмалары бар.

Белгилей кетсек, 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык күчөп, өлкөдө бийлик алмашкан. Жогорку Кеңешке кайра шайлоонун датасы аныктала элек. Жаңы бийлик ага мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана конституциялык реформа өткөргөндөн кийин киришерин айтууда.

Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров өткөн аптада өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып жаңы кадрларды даярдоодо кемчиликтер бар экенин белгилеп, алардын баары бир нече айдан кийин кайра сынак аркылуу кабыл алынарын айткан.

Жапаров 6-октябрдагы окуялардан кийин өлкө мыйзам нугуна кайра кайтканын айтып келет. Бирок Орусия, Европа Биримдиги баштаган эл аралык институттар Кыргызстанга берилип жаткан насыяларды жана донордук жардамдарды убактылуу токтоткон. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиядан жана Казакстандан каржылык жардам сурап атайын иш сапары менен барып келген.

Мирзат МЫРЗА

One thought on “«Foreignlobby.com»: «Жапаров өлкө кызыкчылыктарын сүрөш үчүн 1 миллион долларлык келишимге кол койду»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.