Элнура КУЛУЕВА: «Манасчылык өнөрдү Гиннес китебине киргизүүнү максат кылуудабыз. Кабарлаӊыздар!»

Элнура КУЛУЕВА: «Манасчылык өнөрдү Гиннес китебине киргизүүнү максат кылуудабыз. Кабарлаӊыздар!»

12-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында айнектен жасалган боз үй тигилип, акустикалык аппараттар коюлуп, манасчы Дөөлөт Сыдыков узак убакытка манас айтат. Манасчылык өнөрдү Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатындагы иш-чара, аракеттер ушундай өтөт.

Иш-чаранын уюштуруучусу белгилүү, тажрыйбалуу журналист Элнура Кулуева жалпы журтка мындай чакырык таштады: «Акциянын максаты – кыргыздын «Манас» эпосун, манасчылык өнөрдү, анын уникалдуулугун, өзгөчөлүгүн дүйнө жүзүнө жайылтуу жана даңазалоо, элди биримдикке чакыруу. Мисалы, якуттар көмөкөй менен төрт саат 26 секунда ырдап Гиннес китебине киришиптир. Кыргызда жети түн, жети күн же үч түн, үч күн манас айткандар болгон. Ушул уникалдуу өнөрдү, 12 саатпы же 14 саатпы, 130 тилде чыгуучу Гиннес китебине киргизүүнү максат кылып жатабыз. 12-ноябрда «Урааныбыз — Манас» деп узак сааттарга «Манас» айтылып дүйнөгө жаңырмакчы! Укпадым дебегиле! Жарыя кылгыла! Ар бир кыргызга кабарлагыла!»

Акция боюнча ВИДЕОну бу жердеги ШИЛТЕМЕден көрүнүз!

Анан, жүрөгү КЫРГЫЗ деп соккон, МАНАС деп соккон жалпы мекендештерибиз, четте кайдыгер карап отурбайлы, мындай улут намысы үчүн жасалып жаткан жакшы жаӊылыкты бөлүшүп коюӊуздар! 

Гиннес китебине кирген биздикилер…

  • 2018-жылы 11-мартта Бишкекте 1,5 миң килограмм көлөмдө даярдалып, 150 литрлик 12 тай казан орнотулуп жасалган бешбармагыбыз да Гиннес китебине кирген. Аны да Элнура Кулуева уюштурган. 
  • 90 жаштагы кадырлуу аксакал хирургубуз Мамбет Мамакеевдын ысымы узак жылдардан бери үзгүлтүксүз эмгектенип келе жаткан адис катары Гиннес китебине кирген.

Маалымат үчүн, Гиннес китебине киргизилчү рекорддор күнү жыл сайын ноябрдын орто ченинде өткөрүлөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

2 thoughts on “Элнура КУЛУЕВА: «Манасчылык өнөрдү Гиннес китебине киргизүүнү максат кылуудабыз. Кабарлаӊыздар!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.