Лайк бассаңыз сынган пианино калыбына келет…

Лайк бассаңыз сынган пианино калыбына келет…

«ЛАЙК ТОПТОО» деген ӨЗГӨЧӨЛҮҮ жол, ушундай чакырык менен Бишкек шаары, муктаж жарандар, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пайдалуу иштерди жасап жаткан Айбек Сатыбалдиев деген азамат бала бар. Театралдык сейил паркындагы сынган пианино да ушундай жол менен бүгүн өз ордуна кайра орнотулууда.

Алгач парк тууралуу айтсак, ал жер Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын каптал жагында, А.Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин бет маӊдайында жайгашкан. 30 жылдан бери оӊдоо-түздөөнү көрбөгөн бул парк былтыр калыбына келтирилген. Тагырагы, Бишкек шаардык мэриянын Жашылдандыруу муниципалдык ишканасы чакан архитектуралык формаларды, рояль, комуз, кыл кыяк сындуу музыкалык аспаптарды коюп, гүлдөрдүн 20дан ашык түрүн отургузуп, «Бишкекасфальтсервис», «Бишкекжарык» муниципалдык ишканалары асфальттарды жана жарыктарды оӊдоп беришкен. Жана ал жерге шаардыктар, шаар коноктору үчүн билгендер ойногонго деп пианино да орнотулган эле. Бирок, тилекке каршы, мас абалында паркка барган эргулдар таптакыр оӊдоого болбогудай кылып талкалап салышкан болчу. Мэрия Бишкека проводит масштабную реконструкцию сквера Театральный расположенного за театром оперы и балета им. А. Малдыбаева в Бишкеке

Шаар кооздугун сактоону максат кылган Айбек Сатыбалдиев Crowdliking деген аталыштагы долбоорунун алкагында мына ушул ишке да көӊүл буруп, кезектеги «лайк топтоо» өнөктүгүн Инстаграм aibek.stb баракчасына жарыялап, 8000ден ашык «лайк» чогултуп, учурда пианино паркта орнотулуп жатат.

Айтмакчы, Айбек өз долбоорунун алкагында иш-чараларга демөөрчүнү өзү табат. Анын кылып жаткан сооп иштерине кайдыгер эмес адамдар өздөрү кайрылып, көмөктөшүп жатышыптыр. А эгер каалооӊуз болсо, Айбектин баракчасына кирип, жөн эле лайк басып коюӊуз, сиздин көмөк көрсөткөӊүз ушул.

А биз жакын арада Айбек жана анын иштери тууралуу кенен баян куруп беребиз.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.