Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Foreignlobby.com» маалыматын четке какты

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Foreignlobby.com» маалыматын четке какты

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Foreignlobby.com» басылмасы жазып чыккан маалыматты четке какты.

Анын айтымында, президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров  Кыргызстандын кызыкчылыгын сүрөөнгө алуу тууралуу келишимге кол койгон эмес жана ага анын эч кандай тиешеси жок. Ошондой эле Г.Байтерек ушул сыяктуу маалыматтар алдыдагы президенттик шайлоого карата каралоо максатта атайын чыгарылышы ыктымалдыгын белгилеп өткөн.

«Биздин мыйзамдарга ылайык, мамлекет жеке тараптардын өз ара келишимдерин көзөмөлдөбөйт. Андыктан, мамлекет башчысы бул сыяктуу келишимге кол коюусу мүмкүн эмес. Ага кол койгондор Садыр Жапаровдун атына жамынышы мүмкүн. Башкача айтканда президенттин милдетин аткаруучунун бул документке эч кандай тиешеси жок«, — деген жоопту Г.Байтерек «Азаттыкка» берген.

«Foreignlobby.com» басылмасынын жазганын толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Мирзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.