Садыр ЖАПАРОВ: «Тышкы карыздан кутулуунун жолу бар экен, мисалы, Кытайдын карызынан…»

Садыр ЖАПАРОВ: «Тышкы карыздан кутулуунун жолу бар экен, мисалы, Кытайдын карызынан…»

Тышкы карыздан кутуулунун жолу бар экени тууралуу президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров «Region» телеканалына маек берип жатып билдирди.

Ал тышкы карызды төлөш үчүн элден жардам сунуш кылынып жатканын, бул үчүн Финансы министрлиги президенттик фонд түрүндө атайын эсеп ачканын айтты. Бул маселени чечүүдө ички жаратылыш ресурстарын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат. «Жолдору бар экен. Өзүбүздүн эле ресурс менен кутулуп койсок болот экен. Аны сүйлөшүүлөр жолу менен чечишибиз керек. Кайсы жерден кантип кутулсак болорун алдын ала болжоп койдук. Жолдор бар экен, мисалы, Кытайдын карызынан… Калган карыздардан деле өзүбүздүн ресурстарды колдонсок болот экен. Жаратылыш ресурстарын»,-дейт С.Жапаров.

Буга чейин Кыргызстан тышкы карызынын быйыл төлөнүүчү төрт миллиард сомдон ашуун каражатынын төлөө мөөнөтүн узартууну суранып жатканын Финансы министрлиги билдирген. Алардын акыркы маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы, тышкы жана ички карыздарды кошкондо, 378 миллиард сомду (4,8 миллиард доллар) түзөт. Анын 86,6% — тышкы кырыз жана бул сумма 328 миллиард сомго барабар (4,1 миллиард доллар).

Эске сала кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик карыздарды төлөө көлөмү 2023-жылдан тартып көбөйө баштайт. 2027-жылы бул үчүн жылына 400 миллион доллардай бөлүп турушу керек болот. Өлкө 1992-жылдан 2018-жылга чейин 10 миллиард доллар грант жана насыя алган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.