ЖУМАЛИЕВ: «Кызмат абалынан пайдаланып тинтүү кылгандыгы үчүн Жапыкеевди сотко берем»

ЖУМАЛИЕВ: «Кызмат абалынан пайдаланып тинтүү кылгандыгы үчүн Жапыкеевди сотко берем»

ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиев Сыймык Жапыкеевди сотко бере тургандыгын бүгүн, 5-ноябрда, журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) жетекчиси Сыймык Жапыкеев кызмат абалынан пайдаланып  жабылган ишти кайра ачтырып, ага жана туугандарына таандык мүлктү мыйзамсыз текшертип мыйзамсыз кадамдарга барып жатат.

«Финпол буга чейин эл аралык аудитордук компанияга текшертип мыйзамсыз байыганымды аныктай алган эмес. Эми Жапыкеев «кухнясында» отуруп алып элге калп айтып, анын негизинде кечээ мага тиешелүү эмес, бирок эжемдердин, башка бир туугандарымдын мүлкүн тинттирди. Беткапчан, куралчан балдар барыптыр, булар эмне, террорчу же киргизбей коё турган адамдар беле?! Жөн эле чакырып сүйлөшсө болмок да. Мен мыйзамсыз баюуга барган эмесмин, коррупциялык иштерге барган эмесмин. Мыйзамды сыйлаган адаммын«, — дейт К.Жумалиев.

Белгилей кетсек, кечээ, 4-ноябрда Финпол Кубанычбек Жумалиевге таандык менчик жогорку окуу жайларын жана «Таатан», «Гоин» сындуу соода борборлорун тинтүүгө алган эле.

Эске сала кетсек, Финпол жетекчиси Сыймык Жапыкеев бул кызматка келгенге чейин эле Кубанычбек Жумалиевге «мыйзамсыз байыган» деп кине коюп, анын мүлкүн текшерүүнү талап кылган. Ыйык Куранды кармап актанган Кубанычбек Жумалиев «ар-намысыма, аброюма шек келтирди» деп Жапыкеевди сотко берип, моралдык чыгым катары андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн. Ал арыз Ленин райондук сотунда 6-августта каралып, депутаттын пайдасына чечилген…

Жумалиев-Жапыкеев кармашы канчага уланат, кандайча чечилет, байлык эсеби ачылабы-жокпу, көз салып турабыз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.